Орусиянын “Владимир Мономах” аттуу заманбап, суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси Камчаткадагы Вилючинск портуна келди. Ал мында эми такай турары айтылууда.
Орусия аскер-деңиз флотунан билдиришкендей, кеме Түнтүк флоттон Тынч океан флотуна ийгиликтүү жылдырылган.
“Владимир Мономахтын” курулушу 2006-жылы башталган. Аскер-деңиз флотуна 2014-жылы берилген.
Бул кемеге 16 даана “Булава” баллистикалык ракетасы сыят.