Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Иран менен Сирия Кыргызстандан алыс эмес


Сирия - Хомсту каптаган кара түтүн, 15-февраль, 2012.

Сирия - Хомсту каптаган кара түтүн, 15-февраль, 2012.

Дүйнөлүк басма сөздө өткөн жумада Грециядагы кризис, Сириядагы ич ара тополоң, Иран маселеси орчун окуялардын сап башында турду.

Ааламдашуу процесси төгөрөктүн төрт бурчун алаканга салгандай ачык кылып, көз чаптырсаң көрүнөө, кулак түрсөң даана кылып таштады. Интернет, электрондук маалымат каражаттары алысты жакын кылып, эң эле бийик деген тосмолорду, нечен бир чычкандын мурду өткүс дубалдарды жараксыз кылып койду. Бир жагынан байманасы арткан деген өлкөлөрдөгү финансы кризиси бүт адамзатка кедергиси тийип атса, экинчи жагынан ар кайсы жерлерде саясий жана социалдык карама-каршылыктар, кандуу кармаштар жаралууда. Ушундан улам «Манас» эпосундагы айтылуу: «Атаңдын көрү дүнүйө, арбыды мээнет күнүгө» деген сөз чынында да улуу сөз экенине көзүң жетет.

Дүйнөлүк басма сөздө өткөн аптада (13 – 18-февраль) айрыкча сөз болгон маселе - дале болсо Грециянын опол тоодой чоң карызы болду. Ар жума сайын бетме-бет талкуулашып жатып, акыр аягында Европа лидерлери бул маселени бир көзүнөн жаш, экинчи көзүнөн кан агызып отуруп дегендей эптеп чечкени калды окшойт. “The Financial Times” газетасы жазгандай, айласы такыр куруп бараткансыган гректер үчүн акыры үмүт оту тутанган сыяктуу. Бул жаңылык финансисттерди да айрыкча катуу шердентип, Уолл Стриттеги Доу Джонс деген көрсөткүч төрт даражага өскөнү сүйүнүч менен кабарланды.

Ошону менен бирге Сириядагы ич ара кандуу тополоң, Иран менен Израилдин ортосундагы опурталдуу чыңалуу “Time”, “Newsweek”, азыр эле аты аталган “The Financial Times” жана “The Economist” сыяктуу Батыштын маанилүү басылмаларында талкууланууда.

Былтыркы жылы Тунисте башталып, анан Египетке жетип, отуз жылдан ашык бийлик башында былк этпей отурган Мубаракты шыпырып түшкөн козголуш Ливияны кырк жыл каалаганындай башкарган полковник Каддафинин башын жеди. Эми араб революцияларынын толкуну Сирияга да жетип, бийликти атасы Хафез Асаддан мураска алган диктатор Башар аль-Асадды тооруп калды сыяктанат. Бул тууралуу Американын эң аттуу-баштуу журналдарынын бири “Time” соңку санында макала жарыялап, Асаддын аз сандагы алафит кандаштары козголоңдун очогу деп эсептелген Хомс шаарын танк жана оор артиллерия менен каалашынча талкалаганын жазып чыкты. “The New York Times” гезити да Сириядагы козголоңго кененирээк анализ берип, БУУнун жетекчиси Пан Ги Мун бул аскерий операция «адамзатка каршы кылмышка айланып баратат» деген эскертүүсүн биринчи бетинде жарыялады.

Гезиттин айтканына караганда, бул козголоң жалаң гана Башар Асаддын жеке бийлигине каршы көтөрүлүш эмес, мунун терең этникалык себептери да бар экен. Бул көтөрүлүш Сириядагы сүнни көпчүлүгүнүн Асадды ар кандайынан колдоп келаткан алафит азчылыгана, ошол алафиттерден куралган аскерий жетекчиликке болгон нааразылык да болуп саналат. Мындан тышкары, 1982-жылы да кудум ушундай тополоң Хома шаарында чыкканда, ал тополоңду азыркы президенттин атасы Хафез Асад аскер күчү менен басып, 10 миңге жакын адам жер жазданганы айтылды. Бирок андан бери туура отуз жыл өтүп, канча суулар агып, айрыкча араб дүйнөсү таанылгыс болуп өзгөрүп кеткенин эч бир сезбегендиги - Башар Асаддын жеке трагедиясы болушу толук мүмкүн деп жазды “The New York Times” гезити.

Дүйнө басылмаларында Иран маселеси да өткөн жумада кеңири сөз болду. Маселенин чордону угармандарыбызга жакшы белгилүү: Иран көп жылдардан бери атом энергиясын Россия жана башка мамлекеттердин жардамы аркылуу өжөрлүк менен өздөштүрүп келатат. Бирок Иранда атом энергиясы бар деген сөз Батыш мамлекеттери менен Израилдин уктаса түшүнөн кетпей, кекиртегине тыгылган сөөк сыяктуу болуп келатканы эч кимге жашыруун эмес. Алардын корккону - Иран бара-бара атом бомбасын да чыгарып, дүйнөдөгү аздыр-көптүр сакталып келаткан стратегиялык балансты, тең салмактуулукту аңтарып таштайбы деген маселе. Анын үстүнө диний экстремизмге сугарылган Ирандын азыркы жетекчилери атомдук куралды шантаж катары пайдаланып, ансыз да жайнап кеткен террористтердин чырагына май тамызабы деген адилет кооптонуу Батышта эле эмес, Чыгышта да, деле бүтүн дүйнөдө бар.

Бирок, «The Washington Post» гезити эң акыркы санында Иранга каршы улам күчөп бараткан санкциялар канткен менен жардамы тийип, президент Ахмединежад Батыш менен сүйлөшүүгө даяр экендигин кабарлады. Бул ишааратты Иран жетекчилиги Ассошиейтед Пресс агенттиги аркылуу жаңсаптыр. Бирок сүйлөшүүлөр Батыш күткөндөй жыйынтык береби, Иран атомду тынчтык гана максаттарга колдонобу же эртедир-кечтир Индия менен Пакистанга окшоп кайсы бир күнү: «Мына, биздин да атом бомбабыз бар»,- деп жарыялап коёбу - бул эң эле баш ооруткан, эч бир башы ачылбаган маселе. Ошондуктан Израиль - Ирандын эң жаман көргөн саясий душманы - тиешелүү өндүрүш мекемелерин эмитен бомбалап, талкалап таштоо керек деген оюн ачык билдирип жатканы да бекеринен эмес.

Авторитеттүү “Time” журналы бул боюнча мындай деген ойдо. Биринчиден, Израиль АКШнын колдоосу болмоюн мындай ишке эч качан бара албайт. Экинчиден, жөөттөрдүн бул кадамын күздөгү президенттик шайлоого кызуу даярданып жаткан Барак Обама колдой коюшу абдан күмөн. Анын үстүнө Ирак менен Ооганстанга кол салуудан эч ким эч нерсе утпаганын, тек гана миңдеген бейкүнөө адамдардын каны төгүлгөнүн, оңбогондой көп каражат чыгымдалганын, иш акыр аягы азыркы финансылык оор кризис менен бүткөнүн бүт дүйнө билет.

Ал эми Иран канткен менен чоң мамлекет, аскерий даярдыгы бир топ мыкты өлкө. Анын үстүнө Израилдин кол салуусу Иран коомчулугуна бир топ жаман көрүнүп калган президент Ахмединежадды кайра баатыр кылып, бийлик башында мөөнөтүн дагы узартып коюшу толук ыктымал, дейт «Тайм» журналы. Ошону менен бирге Иранга кол салуу диний радикализмди, террорчулукту азайтмак түгүл, кайра күчөтүп коюшу мүмкүн экендигин көп басылмалар Батышта да, Чыгышта дээрлик бир добуштан баса белгилөөдө.

Демек, кыргыз элинин «Жети өлчөп, бир кес» деген макалы дале болсо чынга чыгып, англичандардын «Жаман тынчтык жакшы согуштан алда канча өйдө» деген сөзү да бекер жеринен айтылбаган го деген ой жаралат.
XS
SM
MD
LG