Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

(Дүйнө басылмаларындагы илимий жаңылыктарга сереп)

Бул жолку серепте саясат темасынан бир аз четтеп, эң акыркы илимий жаңылыктарга аз да болсо токтолуп, дүйнө басма сөзү бул тармакта эмнелерди жазып жатканына көңүл бурууну туура таптык.

Дүйнөдөгү экономикалык кризис канткен менен элдин көңүлүн чөгөт кылып, айрыкча суицид, жашоодон аша кеткен учурлар абдан көбөйүп кеткенин Батыштын газеталары менен журналдары көп жазып жатат. Грецияда, Италияда жумушсуздуктун айынан, төлөнбөй калган кредиттердин айынан жашоодон аша кечип, өз өмүрүнө өзү кыянаттык кылган адамдар улам көбөйүп баратат. Кризис айрыкча жаштардын психикасына, жүрүш-турушуна катуу таасир этип атканын бир катар абройлуу басылмалар жазып да, анализдеп да жатат. Бул арабөк калган муунду айрым басмалар “Generation Y” деп атап да салды.

Америкалык демограф Николас Эберштадтын айтканына караганда, азыркы финансылык кризистин эң бир зыяндуу таасири - бул пессимизм, көңүл чөгөттүк, депрессия ж.б. экен. Жакында “Детали мира” деп аталган электрондук илимий журналдын №13 санында пессимизм Батышта да, Чыгышта да, анын ичинде Орусияда өтө күчтүү экенин жазып чыкты. Адамдын пессимисттик жана оптимисттик маанайын аныктай турган шкала менен эсептей келгенде орустардын маанайы абдан эле төмөн экендиги, эл ичиндеги өлүм-житим жагынан болсо Орусия болгону Непал, Индия, Бангладеш, Гондурас, Тажикстан, Монголиядан гана алдыраакта тураары билинди.

Ошону менен бирге ден соолук маселеси, медициналык жаңы технологиялар тууралуу гезит, журналдар көп сөз кылат. Кийинки учурда ген инженериясы катуу өнүгүп, микродүйнөнүн көп жашыруун сырлары ачыла баштагандан бери илимде кантип адамдардын өмүрүн узартууга болот деген суроо улам көбүрөөк коюла баштады.

Демографтардын айтканына караганда, өмүрдү узарта турган эң негизги фактор - жашоо шартынын жакшылыгы, айрыкча, жакшы медицина эсептелет. Маселен, Жапонияда жашоо узактыгы кийинки 20 жылда 82 жашка чейин жетиптир. Негизги себеп - абдан жакшы жолго коюлган медицина, дарылоо жабдыктары, оорулардын профилактикасы, мыкты санитария. Ошондуктан окумуштуу-демографтар ким ар түрдүү оорулардын алдын алса же убагында дарыланса, ар түрдүү айтып келбеген кырсыктардан тышкары болсо, жакшы социалдык жана экологиялык шартта жашаса, ал адам узакка жашайт деген жыйынтыкты айтышууда.

Өмүрдү узартуунун негизги шарты - адамды картаюуга алып келген бир катар физиологиялык процесстерди жайлатуу, акырындатуу, дешет геронтологдор. Тирүү организм - бул клеткалардан турат. Ал эми клеткалар ар кандай белоктордон, анын ичинде ДНКдан турганын эске алганда, картаюунун эң негизги себеби - дал ошол гендердин жашоого жөндөмсүз боло башташы, бузулушу, ошондой эле клеткаларды курчап турган микроэлементтердин сапатсыз, жараксыз боло башташы экен. Термин тили менен айтсак, ал микроэлементтин аты - митохондрия, башкача айтканда, гендерге, клеткаларга жашоо берген, аларды курчап турган табигый зат экен. Тажрыйба көрсөткөндөй, митохондрия кара күч кетчү жумушту көп жасап, ар дайым кыймылда жашаган адамдарда алда канча сапаттуу болот экен. Ал заттын азыр илимий аты да бар. Ал - теломераза. Бул теломераза деп аталган ферментти ачкандыгы үчүн 2009-жылы Э.Блэкберн, К.Грэйдер, Д. Жостак деген окумуштуулар Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан.

Клеткалардын регенерацияга, башкача айтканда. жаңырып, көбөйүп турууга жөндөмсүз боло башташы, ага тикелей жардам берчү теломеразанын сапаты начарлашы - картаюунун негизги шарты жана өлүмдүн да негизги себеби, дешет геронтологдор. Эгер ушул процесстерди аз да болсо жайлатууга мүмкүнчүлүк жетсе, адам баласы 100гө чыгышы эч бир таңкалычтуу нерсе эмес экен.

Эми кандай адамдар узак жашайт? - деген суроого окумуштуулар кантип жооп бергенине токтоло кетели. Биринчиден, окумуштуулар эң узак жашаган адамдарды абдан тыкыр анализге алып, баарынан мурун алардын геномун изилдеп чыгышты. Бул жерде али да болсо башы ачыла элек илимий маселелер көп болуп чыкты. Экинчиден, калориясы аз тамак ичүү, дагы тагыраак айтсак, организмди жогорку калориялуу күчтүү тамактардан коргоо - өмүрдү узартуунун эң эле белгилүү түрү дешет окумуштуулар. Бул теория мурунку теорияларга караганда жаңы жана негизинен күтүүсүз теория экенин эскерте кетели. Маселен, чычкандарга эксперимент жасап, аларга калориялуу тамакты 30 пайызга азайтканда, чынында эле алардын жашоо мөөнөтү 30 пайызга узарганы илимий түрдө далилденген факт. Бирок айрым чычкандарга мындай шарт туура келбегени да байкалыптыр.

Илимий статистикага караганда, узун байлуу адамдарга караганда орто бойлуу адамдар узагыраак жашайт экен, ошол эле мезгилде арык адамдар көп жашайт деген сөз да дайыма эле чындыкка коошо бербейт. Бирок жаш кезинде толмоч адамдар орто бойлуу адамдарга караганда 2.6 эсе аз жашайт экен. Ырас, семиз адамдарда арык чырай адамдарга караганда өмүр 2.6 эсе кыска болоорун Канададагы Макмастер университетинин окумуштуулары айтышууда.

Картаюу деген маселе организмди жашартуу деген маселе менен тыгыз байланыштуу го. Бул маселе де илгертен бери көп айтылып, ар кандай легендалар, мифтер жаралган. Маселен, адамды жашартуу үчүн жыныстык гормондор менен дарылоо аракеттери ХХ кылымдын баш жагында Францияда башталган. ХХ кылымдын башы ченде Сергей Воронов деген орус дарыгери адамдарга маймылдардын жыныстык гормонун киргизип, натыйжада чын эле организм бир канча жашара түшөөрүн далилдеген.

Эми Кыргызстанга келели. Биздин калктын орточо жашоо узактыгы 68 жаш. Бул башкаларга салыштырганда азбы же көппү деген суроо жаралат. Салыштыралы: Орусияда орточо жашоо узактыгы 68,7 жаш. Ал эми Казакстанда бул көрсөткүч 67 жаш, башкача айтканда казактар бизге караганда бир жаш аз өмүр сүрөт. Бул факт казак окумуштууларын көп ойго салып, бирок ачык-даана жооп азырынча табыла элек. Бул суроого азыр казак өкмөтү да жооп издеп, ал үчүн атайын программа иштеп чыкты. Миллиондогон доллар акча коротушууда. Бирок жооп азырынча табыла элек.

Бирок казак туугандар бир нерсени абдан туура жасашууда - Кыргызстандан барган этти, картошканы, сүт менен айранды жакшы сатып алышат, ал гана эмес «Шоро» фирмасы чыгарган максымды кыя өтпөй ичишет. Биздин оюбузча, жогоруда суроого жакшы жооп, балким ушундайча табылуусу толук мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG