Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (1-7-октябрь)

Кыргызстанда кечээ кийин болуп өткөн ызы-чуулар тууралуу Батыш басылмаларында дээрлик сөз болгон жок, бир гана Евроньюс теле каналы азыраак кабар айтып, көрүүчүлөргө болгон окуя тууралуу кыска маалымат берди. Биз карап чыккан өзбек жана казак гезиттери да Бишкектеги бул окуяга эч бир реакция жасаган жок. Бир гана Орусияда чыккан “Известия”, “Коммерсанть” гезиттери жана Regnum интернет сайты атайылап сөз кылып, Кыргызстанда бийлик бөлүштүрүү аракеттери кайрадан башталып, түштүк-түндүк маселеси кайрадан козголууда деп жазып чыгышты.


Орусиянын эң эле абройлуу гезиттеринин бири “Независимая газета” болсо Израиль менен Иран мамилеси тууралуу макала жарыялады. Макалада жөөттөрдүн 1948-жылы түзүлгөн мамлекети менен Ирандын ортосундагы азыркы өтө опурталдуу мамиле чындап эле атомдук согушка айланып кетиши мүмкүнбү же жокпу деген маселе талкууланып, ага бир катар эл аралык эксперттер “мүмкүн” деп жооп бериптир.

Бул маселе Израилде да абдан көп сөз кылынган, көп талкууланган маселе экени айтпаса да түшүнүктүү нерсе го. “Эгерде Иран чындап эле ядролук бомбаны жасаганга бир кадам калса, анда Израилде Ирандын согуштук объекттерин эртелеп ташын талкан кылгандан башка эч бир арга калбайт, анткени Ирандын аятоллаларынын бир эле максаты, күн сайын кайталаган чакырыгы - Израилди жер менен жексен кылуу, арабдардын арасында кыпчылган жөөттөрдүн мамлекетин жок кылуу”, деген ойду билдирет Стюарт Вайс Jerusalem Post гезитинде. Кокус Израиль убакытты уттуруп жиберип, Иран биринчи бомбаласа, Израилдин 8 миллионго жакын калкы нака кырылат, ага кошулуп Палестинадагы миллиондогон арабдар тындым болот экен. Ал эми жөөттөр озунуп атака жасаса, андай анча чоң кыргын болбой калышы толук мүмкүн дейт ошол эле Стюарт Вайс.

Аскерий жактан бардык араб мамлекеттерин кошкондо да күчтүүлүк кылган Израилдин соккусу ушунчалык катуу болгондуктан, Иран жөөттөргө каршы чындап согуш ачууга чамасы да келбейт, деп жазат “Независимая газета”. Себеби бир убакта араб дүйнөсүндөгү эң күчтүү согушчан деп саналган Саддам Хусейн да Израиль 1981-жылы Ирактын ядролук ишканаларын бомбалаганда эч бир жооп бере алган эмес, ошондой эле Сириянын лидери Башар Асад да 2007-жылы кудум ошондой чабуулга туш болгондо Израилге каршы эч нерсе кыла алган эмес, дейт ошол эле газета.

Ырас эгер бул эки мамлекет чын эле атомдук курал менен согушса Ирандын 80 миллион калкынын 25 пайызы жок болот, ал эми Израиль болсо мамлекет катары болуш-болбошу өтө күмөн, дешет аналитиктер.

Израилде чыккан “Курьер” газетасында орус оппозицонери Гарри Каспаровдун интервьюсу чыгыптыр. Саясатчы болуп кеткен шахмат боюнча дүйнө чемпиону “Орусияда жашап, бирок азыркы орус бийлигине каршы күрөшпөй коюу эч бир мүмкүн эмес, анткени жашоо күндөн-күнгө жаман болуп баратат” деп билдирет. Ошону менен бирге, атасы тарабынан еврей Гарри Каспаров Орусиядагы жөөттөрдү Путин ачык кодулап жатканын айтып, мисал катары Ходорковский менен Магницкийдин атын атаптыр. Азыркы орус коому Путиндин саясатынан улам фашизацияланып баратат, деле Президент Путиндин күнү ашып кетсе эки же үч жылда бүтөт, анткени жакынкы келечекте Орусияда элге айлык төлөгөнгө да акча калбай калат, дейт Гарри Каспаров “Курьер” газетасына берген интервьюсунда.

The Economist журналы жаңы санында Азия континентиндеги олуттуу геосаясий бурулуштар тууралуу аналитикалык макаланы жарыялады. Кытай, Тайван, Корея жана Жапониянын ортосундагы кийинки учурдагы жер талашуудан чыккан чатак күтүлгөн да, күтүлбөгөн да окуя болду деп жазат журнал. Бул талаштын тарыхын, келечекте күтүлө турган зыяндарын, кесепеттерин салмактай келип, журнал мындай деген тыянакка келет: “Азыркы учурда Азия континенти экономикалык өсүш дооруна келип, өз ара согушканга караганда акча тапканга, ар дайым кедейликтин айынан азап чегип келген азиялыктардын турмушун оңдогонго өтө кызыкдар болуп турган кези, ошондуктан эч ким кичкинекей аралды талашып, курал колдонгонго барбайт, анын кереги да жок. Ал эми көчө кыйкырыктары, аскерий кемелерди тобу менен талаштуу аралдарды көздөй жөнөтүү аракеттери тек гана саясий театр, шайлоо алдындагы шоу” дегендей ойду билдирет Лондондон чыккан The Economist журналы.

The Guardian гезити Дүйнөлүк банктын соңку маалыматына таянып, быйылкы кургакчылыктын айынан айрым кедей мамлекеттерде ачарчылык болушу мүмкүн деген кабарды таратты. Учурда АКШда жүгөрүнүн баасы 25 пайызга, соя өсүмдүктөрүнүн баасы 17 пайызга өсүп, Орусия, Украина жана Казакстандагы буудайдын аз түшүмүнөн улам ундун баасы 25 пайызга кымбаттаганы чынында да нан каатчылыгына алып келиши толук мүмкүн, дейт Дүйнөлүк банктын эксперттери.

Американын Time, Newsweek, The New York Times сыяктуу абройлуу басылмалары Барак Обама менен Митт Ромнинин телетаймашы тууралуу бааларга, рейтингдерге, эксперттердин ой-пикирине кеңири орун берди. Азыркы АКШ президенти Обама атаандашы Ромниге караганда айтышуу убагында өтө эле оор басырык болуп, элдин бүйүрүн атаандашындай көп кызыта албаса да, кыскарып бараткан жумушсуздук тууралуу статискикалык жакшы кабар Обаманын пайдасына чечилет го дегендей пикирди билдирүүдө жогоруда аталган басылмалар.

Акырында The Chrıstıan Scıence Monıtor гезитиндеги бир маалыматка кыскача токтоло кетели. Азыркы тапта Марс планетасына барып конгон Curiosity аттуу аппарат ойдогудай иштеп, жерге бул бейтааныш планетанын үстүңкү бетинин ачык жана даана тартылган сүрөттөрүн байма-бай жөнөтүүдө. Метеор тийгенден кийин пайда болгон кратерлер, таштын сыныктары, кичинекей кум дөбөлөр фотосүрөттөрдөн дап-даана көрүнүүдө. “Эмки максат - Curiosity аппаратында орнотулган бургуну иштетип, Марстын кыртышынан алынган үлгүлөрдү анализге алуу, айрыкча карбон деген химиялык заттын бул планетада бар же жок экенин текшерүү”, деп билдирет Curiosity-нин менеджери Майкл Уоткинс. Эгер карбон Марста бар экени бышыкталса, демек бул планетада жашоонун да кандайдыр бир формалары болушу толук ыктымал, деп жазат The Chrıstıan Scıence Monıtor гезити акыркы санында.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG