Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Адам өлбөс болсочу…


Мындан бир аз баштараакта америкалык атактуу Science журналына жарыяланып, кийин Лондондон чыккан The Guardian гезитине кайра басылган бул макаланы мен убагында атайылап көчүрүп алып, бирок “Азаттыктын” окурмандары менен бөлүшө элек элем. Сыягы, бүгүн ошол сөздүн кыябы келип тургансыйт. Анын үстүнө жаңы жыл капыл-тапыл кирип келип, эски жыл эми эле ирегебизден ары узаган убакта айла жок убакыттын учкулдугу, өмүрдүн кыскалыгы, мезгилдин кайрымсыздыгы тууралуу терең ойлорго баары бир кетпей койбойт экенсиң.

Эми макала тууралуу. Омоктуу илимий тыянактар менен жабдылган, физика илиминин эң соңку табылгаларына таянган бул макалада адам баласы каза тапканда анын алты саны гана, б.а. сөөгү, денеси гана өз жашоосун токтотуп, бирок анын руху, төл тилибиздин сөз байлыктары менен айта турган болсок - чымындай чыркыраган жаны, же болбосо арбагы эч качан өлбөй тургандыгы тууралуу илимий теорияны ортого салды.

Албетте, адам баласынын руху, анын элеси, дагы эне тилибиздеги сөз менен айта турган болсок “арбагы” эч качан жоголбой турганы тууралуу мифтер, ар кыл диний мистикалык ишенимдер атам замандан бери эле жашап келе жатат, дагы да жашай берет, бирок ошол байыртан бери акыл-оюбуздан, дитибизден эч качан чыкпай келген мистикалык ишенимдин эми олуттуу илимий-теориялык негизде талкууланып жатышы чынында атайылап көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес нерсе го.

Эми макаланын маани-мазмунуна кыскача токтололу. Албетте, макалада эч кандай “рух” же “жан”, же болбосо “арбак” деген сөз жок. Макала чыны менен абдан жогорку илимий деңгээлде, кенен теориялык аспектте жазылган экен. “Биз, адамдар, -деп жазат The Guardian, - өлүм дегенден баарыбыз эле коркобуз. Себеби биз өлүм, ажал деген нерсе маңдайыбызга бекем жазылган, эч качан качып кутулбай турган нерсе экенине толугу менен ишенип алганбыз. Экинчи жагынан, биз өз жаныбызды денебиз менен, тулку боюбуз менен бир тутумда, эч бир ажыралгыс биримдикте кылып карап көнүп алганбыз. Демек, жаныбыз денебиз менен чогуу жашайт, денебиз өлсө - жаныбыз аны менен кошо жок болот деп ойлойбуз.

Ырас, дене деген нерсе чынында да бир мезгилде өз жашоосун токтотот, өлөт. Бирок жаңы илимий теория боюнча дененин физикалык жана биологиялык жаткан жашоосун токтоткону - эч качан адамдын жаны да ошо менен кошо жок болуп кетээрин түшүндүрбөйт экен” - дейт англис гезити The Guardian. Көрсө, кванттык физиканын мыйзамдары боюнча көп эле кубулуштарды көз менен көрүп же акыл менен баамдоого мүмкүн боло турган болсо, айрым кубулуштарды эч качан алдын алып болжолдоого мүмкүн эмес экен жана алар ар бир жолу ар башкача баамга урунат экен. Муну физиктер “көп түрдүү дүйнө” (the “many-worlds”) деген маани менен түшүндүрүп, бул кубулушту “биоцентризм” деген термин менен туюнтуп жатышат. Башкача айтканда, бул жарыкта канча жандуу зат болсо, ошончо дүйнө бар экен.

Адамдын денеси жашоосун токтотсо да, анын жаны эч качан өлбөйт деген теориянын негизги эксперименталдык таянычы төмөнкүдөй. Биздин аң сезимибизде, тагыраак айтканда, мээбизде бала кезден бери орноп калган, жашап келген “Бул - Менмин” деп жарк эткен сезим, электрдик заряды 20 гана ватт менен өлчөнгөн мээбиздеги энергия болуп эсептелет. Ал энергия эч качан өз жашоосун токтотпойт, эч качан сөөгүбүз менен кошо жок болуп кетпейт. Анткени физиканын эң негизги жана айныксыз закондорунун бири - энергиянын сакталуу закону болуп эсептелет, дейт The Guardian.

Демек, ар бир адамдын жылт эткен ой же жарк эткен аң сезим түрүндөгү “Бул - Мен!” деген рухий энергиясы, биздин жөнөкөй тилде айтканда “жаны”, дагы синонимдерге бай эне тилибиздин сөз байлыгы менен сүйлөсөк “руху”, а балким “арбагы” эч качан жок болуп кетпейт. Бул теория жаралганына анча деле көп убакыт боло эле элек, бирок анын тегерегинде эмитен эле окумуштуулардын чоң тобу жыйнала баштады, дейт биз шилтеме берип жаткан The Guardian гезити.

Мен, маселен, бул макаланы окуганда атактуу ырчы Токтогулдун:

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.

Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу,
Жигит менен кыз өлсө
Жерге көмбөс болсочу - деген классикалык саптары эске түштү.

Чынында да адам баласынын улуу руху болбосо, күчтүү айтылган сөз, ак бата, осуят же керээз түрүндөгү ата-бабаларыбыздын ысык илеби, шарапаты бизге тийбесе, эртели-кеч сыйынган ата-бабалардын арбактары болбосо биз башка жан-жаныбырлардан кантип айырмаланат элек? Кантип муундан-муунга өткөн тарыхый эстутумубузду сактап калмакпыз?

Альберт Эйнштейн, атактуу салыштырмалуулук теориясынын автору, бир жакын досу каза тапканда: “Досум ушул таң калычтуу дүйнөдөн башка жакка менден бир аз гана эртерээк жылып кетти. Бирок бизди эч ким ажырата албайт. Бизге окшогон адамдар кечээги өткөн өтмүш, келечек жашоо же болбосо азыркы учур деген нерсе акылыбызга бекем орноп калган гана бир ишеним гана экенин жакшы билебиз го” -деген экен.

Альберт Эйнштейн эле эмес, биздин улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун да кудум ушул темага карата атайылап жазгандай ыр саптары бар:

Турмушта мен өтпөдүм - өмүрүм өттү,
Мен ага жолдош болуп ээрчип келдим.

Таң калаарлык саптар! Эгер ушул саптардын данегин чагып, тереңдеги маанисин чечмелей турган болсок, Алыкул акын “өмүр” дегенди негизинен убакыт-саат менен өлчөнгөн мезгил аралыгы катары гана карап, ал эми өз рухун, жанын ошол рухту алып жүргөн тула боюнан, дене жашоосунан өзүнчө бөлүп караган экен.

Айтор, The Guardian гезитиндеги адам жаны, жана анын болгону 20 ваттык физикалык энергия түрүндөгү руху эч качан жок болуп кетпей турганы, аалам койнунда түбөлүк жүрө бере турганы тууралуу сенсациялуу макала азыр илимий чөйрөдө кызуу талаштарды туудуруп, ар түрдүү божомолдорду жаратып жаткан кези.
XS
SM
MD
LG