Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

“Ведомости:” Орусиянын аброю төмөндөөдө


"Ведомости" басылмасы Байкоңур космодрому боюнча келишим түзүлгөнүнө карабай Казакстан пикирин улам өзгөртүп жатканы Москваны абдан таң калтырып жатканын эске салды.
"Ведомости" басылмасы Байкоңур космодрому боюнча келишим түзүлгөнүнө карабай Казакстан пикирин улам өзгөртүп жатканы Москваны абдан таң калтырып жатканын эске салды.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (14-20-январь)

Эл аралык басма сөздө Баткендеги Сох анклавындагы чатак тууралуу да макалалар жазылды. Маселен, бул жаңжал тууралуу Eurasia daily monitor басылмасына чыккан макалада эки момент көңүл бурууга арзыйт: биринчиси - Сох анклавында негизинен өзбектер эмес, илгертен этникалык тажиктер жашайт деген маалымат. Экинчиси - өзбек бийликтери кыргыздар менен болгон локалдык чатакка этникалык тажиктер аралашканын эң сонун билип турду жана бул конфликтке Ташкент мамлекеттер аралык чатак эмес, локалдык маанидеги чыр катары мамиле кылды дейт Eurasia daily monitor басылмасы.

Чынында да Өзбекстандын бир да массалык маалымат каражаты бул окуяны көбүртүп-жабыртып, бурмаланган же бир тараптуу түрдө Кыргызстанды айыптаган макала чыгарган жок. “Правда Востока” гезитинде, негизги гезит-журналдарда, интернет сайттарда окуя объективдүү чагылдырылды, атап айтканда, чатак кыргыз чек арачылары талаштуу жерге электр зым карагайларын орното баштаганда күчөп кеткени, жергиликтүү калк кыргыз жарандарын барымтага алганы, кыргыз чек арачыларынын огунан беш өзбекстандык жаран катуу жаракат алып, бешөөнүн тең акыбалы оор экенин жазды.

Кыргызстан тууралуу экинчи бир макаланы “Независимая газета” басты. Макалада жакында Бишкекке келип кеткен америкалык дипломат Роберт Блейктин сапары сөзгө алынып, Манас аэропортундагы америкалык база кыргыз жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрдө негизги орунду ээлегени айтылды. Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдан кийин "Манасты" аскерий эмес жүктөрдү ташыган логистикалык авиабазага айландыруу керек деген оюн дагы бир жолу кайталап, бирок америкалык дипломат сүйлөшүүлөр дагы улана тургандыгын, демек авиабазанын тагдыры дале болсо чечиле электиги маалым болду, дейт газета.

Бирок Блейк бул база үчүн АКШ жылына 150 миллион доллар акы төлөй турганын, Американын Кыргызстанга көрсөткөн жардамынын жалпы суммасы бир миллиард доллардан эбак ашканын кыргыз жетекчилеринин кулагына сала кетти, деп жазат “Независимая газета”.

Эл аралык пресса, анын ичинде орус гезиттери Грузия менен Украинадагы ички саясий тирешүүгө, улам күчөп бараткан ички чыңалууга көп көңүл бурууда. Тбилисиде жаңы шайланган премьер-министр Иванишвили президент Михаил Саакашвилини кандайынан болсо да абийирин төгүп, эл алдында кадырын кетирүүгө зор аракеттерди жасоодо, дейт жогоруда аталган “Независимая газета”. Грузин президентинин каршылаштары бир миллионго жакын кол чогултуп, аны мөөнөтүнөн мурда кетирүү керек дешсе, Саакшвилинин колдоочулары болсо муну баш мыйзамды бузгандык деп эсептешип, президентти колдогон пикеттерди жана көчө митингдерин байма-бай уюштурууда.

Ал эми Украинада оппозиция лидери, мурунку премьер-министр Юлия Тимошенкону эптеп саясий турмуштан четтетүү аракети, улам жакындап келаткан президенттик шайлоого катыштырбоо далалаты - азыркы бийлик башында турган Виктор Януковичтин негизги ишине айланды сыяктанат, дейт ошол эле “Независимая газета”.

Ушул тапта Юлия Тимошенкого дагы бир айып тагылып, мындан он алты жыл баштагы криминалдык ишти эптеп ага жабыштыруу аракети башталды. Ал эми Евросоюз болсо башынан эле оппозиция лидерин токтоосуз түрдө түрмөдөн чыгарууну талап кылып, Украинанын Европа менен тыгыз байланыш түзөм деген аракетин четке кагып келүүдө. Натыйжада Виктор Янукович жетектеген Украина же Бажы шериктештигине кире албай, же Европа менен ойдогудай жакындаша албай, ал ортодо Орусиянын экономикалык обструкциясына кириптер болуп, абдан чайналып турган кези, деп белгилейт “Независимая газета”.

“Ведомости” басылмасы Казакстан менен Орусиянын ортосундагы Байкоңур космодрому тууралуу чатакка көңүл бурду. "Казкосмос" уюмунун жетекчиси Талгат Мусабаевдун Байкоңур толугу менен казактардын кол алдына (юрисдикциясына) өтүш керек деген билдирүүсү Москванын абдан ачуусун келтирди, дейт “Ведомости”. Ызасы келген орус бийлиги Астанага атайын нота жөнөтүп, Орусия Байкоңур үчүн жылына 115 миллион доллар акы төлөп, бардык чыгымдарын өз мойнуна алып, 2050-жылга чейин казактар менен келишим түзгөнүн, ошондон кийин да казак тарап улам пикирин өзгөртүп жатканын жана мындай позиция Москваны абдан таң калтырып жатканын эске салды.

Деле Орусия эмне айтса, ошону аткарган заман өтүп баратат сыяктанат дейт “Ведомости”. Мындан мурдараакта Азербайжан да орустар ижарага алган Габалин деген станция үчүн акы төлөөнү кескин көбөйтүп, натыйжада орустар ал жерден чыгып кетүүгө мажбур болгон эле. КМШ мамлекеттеринде “соодада достук жок” деген принцип улам күчөп баратканын жана ушул сыяктуу фактылар көбөйүп баратканын эске алган москвалык политолог Александр Мизин “баары бир Орусиянын аброю мурунку советтик республикаларда улам төмөндөп баратат, ошондуктан Байкоңурдан чыгып кетиш эртедир-кечтир боло турган иш экенин моюнга алышыбыз керек”, - деп билдирди.

Эми батыш гезиттери менен журналдарына кезек берели. Time журналы Барак Обаманын чукул арада президенттик мөөнөткө экинчи жолку кириш салтанаты, башкача айтканда инаугурациясы өтөөрүн жазып чыкты. Вашингтондогу Ак үйгө башынан жакын Time журналы бул салтанатка кимдер катышат, кандай шаан-шөкөттөр өтөт деген темага кайрылып, “бүт баары кыска жана нуска” болот деп жарыялады.

Ошону менен бирге экинчи бир абройлуу The Foreign Policy журналы бул жолку инаугурацияга 2009-жылкыдай массалык кызыгуу жок экенин белгилеп, Обаманын алдында тез арада чече турган 10 маанилүү милдет бар экенине көңүл бурду. Алардын эң негизгиси - Американын эң бай жана эң таасирдүү мамлекет деген статусун кандай болсо да сактап калуу, дейт журнал. Андан кийинки маанилүү маселелер - карызы чачынан көп болуп кеткен Грецияга жакындан жардам берип, жалпы эле Европаны фининсылык кризистен аман-эсен чыгарып кетүү; Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө, нефтиге болгон көз карандылыкты жок кылуу, Америка демократиясын бекемдөө, атмосферанынын улам күчөп бараткан булгануусун токтотууга тез арада чараларды көрүшү ж.б. маселелер.

Ушуга байланыштуу RBK daily аттуу маалымат булагы Америка жакында нефтиге болгон көз карандысыздыкты биротоло жоюп, тыштан кара май экспорттоо деген кымбат жана түйшүктүү маселеден биротоло кутулаарын жазып чыкты. Буга себеп - жаңы технологиялардын күчү менен сланец деп аталган чийки заттан жогорку сапаттагы бензинди бөлүп алуу иши Америкада абдан кенен жолго коюлганы болуп эсептелет. Муну атактуу Бритиш Петролеум компаниясынын башкы экономисти Кристоф Рюль TheTimes гезитине «Сланец революциясы» деп атады.

Жалаң тышкы саясатты жазган The Foreign Policy журналы Жапониянын жаңы премьер-министри Синзо Абе алдыга койгон абдан күчтүү саясий жана экономикалык кадамдар тууралуу аналитикалык макаланы басты. Биринчиден, дейт журнал, жаңы премьер-министр 117 миллиард доллар акчаны жалаң экономиканы көтөрө турган иш-чараларды колдоо үчүн бөлдү. Экинчиден, Синзо Абе бул мамлекеттин куралдуу күчтөрүн жаңы деңгээлге чыгарып, эмитен эле Жапонияга үстүртөн карап, уламдан-улам муштумун кезеген Кытайдын демин баса турган күч-кубаттуу аскерий базаны түзүүнү максат кылууда. Үчүнчүдөн, Синзо Абе 2 миллион жаңы жумуш орундарын түзүүнү эң маанилүү маселелердин бири катары жарыялады.

Баарынан кызыгы, жаңы премьердин бул пландары ишке ашабы, деле Жапония дүйнөдөгү бирден-бир технологиялык жана постиндустриалдык держава деген наамын кайра ордуна келтире алабы? - деген суроого дээрлик бардык эксперттер “ооба” деп жооп кайтарып жатат. “Синзо Абе жапондуктар көптөн бери күтүп, абдан уккусу келип жүргөн сөздү өз убагында айтты жана ал сөз калайык-калкка бул сөз майдай жакты”, дейт The Foreign Policy журналы.

Демек дүйнө экономикасынын тараза ташы баары бир Чыгышты, айрыкча Ырааккы Чыгышты көздөй оойт деген сөз - бекер жеринен чыккан сөз эмес.
XS
SM
MD
LG