Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

New York Times кытай ишкерине сатылабы?


New York Times жана International Herald Tribune гезиттери
New York Times жана International Herald Tribune гезиттери

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп.

Узаган аптанын соңунда батыштын бардык басылмаларына Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өткөн айда өлүм жазасына тарткан жездеси Чан Сонг Тхэкти санаалаштары менен кошо 120 ачка итке талатып өлтүрдү деген кабар таркап, миллиондогон окурмандардын көңүлүн бурду. Муну алгач Гонк-Конгдо жарык көргөн "сары" гезиттердин бири жарыялап, Сингапур басылмалары аркылуу тез эле батыш медиасына таркаган.

Кабардын чын-бышыгын The Washington Post гезитинин аналитиги Макс Фишер аныктоого аракет жасады. Биринчиден, Чан Сонг Тхэкти чечинтип туруп иттерге талатты деп жарыялаган кытайдын Wen Wei Po гезитинин өлкөдө эч кандай аброю жок экенин, атың чыкпаса жер өрттө саясатын кылып жатканын айтып, эгерде кытай медиасында мындай каңшаар болсо Xinhua жана People's Daily сыяктуу ири медиа өкүлдөрү эмнеге муну жазып чыккан эмес деп суроо койот.

Экинчиден, Түндүк Корея лидеринин мындай кылыгын Түштүк Корея басылмалары бир да сөз менен кабарлап же талкуулабаган. NKNews.org аттуу онлайн корей гезитинин редактору Чад О Каролл айтылгандар жөн гана айың экени тууралуу "Вашингтон постко" жеке кат жиберди. Канткен күндө да эми эл аралык медиага таркап кеткен бул кабардын чын же калп экенин жөн гана божомолдор менен гана жоруй алабыз. Дүйнөнүн эң эле жабык өлкөсү болгон Түндүк Кореядан бул тууралуу так маалымат алуу өтө кыйын. Эми дүйнө Ким Чен Ындан кооптонушу керекпи деген суроо менен Макс Фишер макаласына чекит койгон.

Кытай миллиардери Американын ири басылмасы болгон New York Times гезитин сатып алууга кам урду деп жазат Foreign Policy журналы. Элет жеринен чыккан миллиардер Чен Гунбао 31-декабрь күнү Гонк-Конгдогу каржы кызматчылары аркылуу 150 жылдык тарыхы бар дүйнөнүн эң абройлуу гезити болгон "Нью-Йорк Таймсты" сатып алууга камданып жатканын жар салган. Ал гезиттин баасын 1 миллиард доллар деп сыртынан бычууда. Бирок былтыр август айында гезит ээлери Ош жана Сульцерберг үй-бүлөлөрү басылма эч качан сатыкка коюлбастыгын жар салышкан эле. Ошентсе да анын баасы 800 миллион доллар катары белгиленген.

Орусиянын коопсуздук күчтөрү Түндүк Кавказдын террордук кыймылдары мусулманчылыкка жаңы өткөн орустарды согуштук максатта пайдаланып жатат деп кооптонгонун Германияда чыккан Focus журналы жазды. Маселен, Волгограддагы жардыруулардын бирөөсүн мурдагы орус фельдшери, кийин исламды кабыл алып, 2011-жылы Дагестанга согушууга кеткен Павел Печкин уюштурду деген шек бар. Ал эми троллейбустагы жанкечти аялдын бомба коюлган бел курун да Подмосковьенин тургуну, орус улутундагы Дмитрий Соколов даярдаганы айтылууда. Сочи олимпиадасынын алдында коопсуздук чаралары өтө кылдат ишке ашырылууда.

Эл аралык кризистик топтун жетекчиси Екатерания Сокирянская: “Чүмбөттөлгөн аялдарга караганда орус эркектери тартип сакчыларында эч кандай шек жаратпайт. Андыктан террордук топтор мусулманчылыкты кабыл алган орустарды колдонушууда. Анын үстүнө исламды кабыл алган орустар радикал болушуп, уюшкан топтордун кызыгуусун жаратат”, - деди. Бул ойду Орусия согуш ардагерлеринин антитеррордук “Альфа” тобунун жетекчиси Алексей Филатов да кубаттайт деп жазат Focus.

"Формула бирдин" чемпиону Михаэль Шумахердин азыркы абалы миллиондогон адамдарды түпөйүлгө салды. Бирок бул абалдан акчалай пайда табууну көздөгөндөр да жок эмес деп жазат Sueddetche Zeitung басылмасы. Маселен, интернетте айрым шумпайлар Шумахердин фанаттарынан акча чогулта башташты. RIP Michael Schumacher же жаткан жериң жайлуу болсун, Шумахер деген веб баракчалар көбөйгөн. Эгер Шумахер ары карап кетсе аталган баракчалар өзүнө ар кыл жарнама, көңүл айтууларды киргизип, миллиондогон каражат топтой алат.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG