Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Сома Эрдогандын соӊубу?


Эл аралык басылмаларда түрк премьеринин кеӊешчиси Юсуф Йеркелдин каршылык акциясына чыккан кишини тепкилеп жаткан бул сүрөтү кызуу талкууланууда, Маниса, 14-май, 2014.
Эл аралык басылмаларда түрк премьеринин кеӊешчиси Юсуф Йеркелдин каршылык акциясына чыккан кишини тепкилеп жаткан бул сүрөтү кызуу талкууланууда, Маниса, 14-май, 2014.

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (12-18-май).

Дүйнөлүк басма сөздө Түркиянын Сома шаарындагы көмүр кенинде болгон кырсык кеӊири талкууланып, ал премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын саясий ишмердигине чекит койчу окуя болору айтылууда.

Economist журналы «Жер алдындагы өлүм: Сомадагы трагедия саясатта да сезилүүдө» аттуу макалада Түркиянын башбаканы өлкө тарыхындагы эӊ орчундуу өндүрүш трагедиясынан кийин элдин каары менен бетме-бет келди. Бул апаат былтыркы каршылык акцияларынан да курч окуяларга жол ачышы ыктымал. 30-марттагы жергиликтүү шайлоодон жеӊип чыгып, кубанып жаткан Эрдоган үчүн август шайлоосунда олуттуу тоскоолдук чыгышы мүмкүн деп жазса, The Independent гезитинин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы Патрик Кокберн «Эрдогандын авторитардык бийлигине жаӊы сокку» аттуу макаласында окуяны мындайча анализдеген: «Бул окуя августта болчу шайлоодо Эрдоган талапкерлигин койгону турганда болуп, анын партиясы кырсыктын жоопкерчилигин өз мойну менен тартат. Анткени алар 2002-жылдан бери бийликте. Акыркы мезгилде Түркиядагы шайлоодон жалаӊ исламчыл партиялар жеӊип жатат. Эрдоган өлкөсүнүн экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылганы менен шайлоодогу жеӊиштерди жеке өзүнө гана ыйгарууда. Полиция, аскер жана сот кызматтарында авторитери аябай салмактуу. Бирок Сома сыяктуу окуяда эл биринчи кезекте ушул авторитети үчүн аны айыптайт».

Financial Times гезитинин кабарчысы болсо Сома шахтасында каза болгондордун туугандары менен байланышып, алардын бийликке карата ачуулануусун кеӊири чагылдырды. Досунан айрылган бир киши гезитке: «Өлгөндөрдү шейит деп бизди алдашууда. Бул кырсык эмес, адам өлтүрүү. 2014-жылда туруп башбаканыбыз 1860-жылдарды мисал келтирүүдө. Эмнеге Германия, Норвегия, Голландияда 50 жылдан бери мындай кырсык таптакыр болгон эмес? Ушуларды айтпайбы», - деп ачууланат. Эл аралык дээрлик бардык басылмаларда премьер-министрдин кеӊешчиси Юсуф Йеркелдин каршылык акциясына чыккан кишини тепкилеп жаткан сүрөтү кеӊири планда берилип, социалдык тармактарда да кызуу талкууланууда. Ал эми Times басылмасы Сома кырсыгы Эрдоган менен АК партиянын саясий ишинин соӊу болорун жазды.


Путинчил редактор иштен кетти

Узаган апта дүйнөдөгү эки ири басылманын редакторлору үчүн жакшы болгон жок деп жазат The Washington Post гезити. Америкада New York Times басылмасынын редактору Жилл Абрамзон менен Франциядагы ири басылмалардын бири Lе Monde баш редактору Натали Нугэред иштен кетишти. Нугэред баш редакторлукка шайланганына бир жыл болуп-болбой эле кызматтан чегинип, Lе Monde басылмасынын интернет сайтына мындан ары гезитти жетектей албастыгын ачыктаган кат жазды. Ал иштен кетери менен эле кол алдындагылары Нугэред ашыкча авторитар жана Путинчил болуп, оӊой менен кепке келбеген киши болчу деп жазып чыгышты.

Le Monde Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Францияда чыгып жаткан эӊ ири гезиттердин бири. Гезиттин редакциялык тартибине ылайык, баш редакторду журналист жана кабарчылар добуш берип шайлашат. Натали Нугэред бул кызматка былтыр март айында эле келген.

«Твиттер, Фейсбукту токтотуу бир мүнөттүк иш»

Орусиянын мамлекеттик көзөмөл комиссиясы же "Роскомнадзордун" жетекчисинин орун басары Максим Ксензов "Известия" гезитине Орусиядагы интернет эркиндиги жана социалдык тармактар тууралуу кеӊири маектешти. Ал өз сөзүндө: «Фейсбук, Твиттер орус коомчулугуна зыян алып келе турганын баамдасак, анда аларды токтотуу бир мүнөттүк иш. Google, Твиттер жана Фейсбук компаниялары америкалык болсо да Орусиянын баш мыйзамына ылайык иш алып барышы керек. Бирок кээде мындай интернет компаниялар орус мыйзамдарына жат нерселерди кылып жиберип, эл аралык нормалар менен укук коргоочуларын ортого салышууда. Мындай учурда албетте чара көрүүгө мажбурбуз. Жакында эле Твиттерден Сириядагы кан төгүүлөрдү чагылдырып, капитализмди, саясий режимдерди жок кылууга үндөгөн орус тилиндеги аккаунтту алып салдык. Чет элдик компаниялар сөз эркиндигине жамынып, бизди ушундай кескин чечим кабыл алууга түртүп жатат», - деди.

Бишкектин Правда көчөсү тынч

Мына ушундай сүйлөм менен чет элдик журналист Адриан Локнердин EuroasiaNet онлайн басылмасындагы Кыргызстандагы сойкулук боюнча макаласы башталат. "Былтыр Адам сатуу жана сойкуканаларды тыюу боюнча атайын бөлүм ачылгандан бери Бишкектин мурдагы Правда, азыркы Султан Ибраимов атындагы көчөсү тынчый эле түштү. Бирок сойкулук сауналарда, менчик батирлерде уланууда. Аталган бөлүм Кыргызстанда бул кесипти болжол менен 7 жарым миӊ аял аркалап, алардын 2 миӊи Бишкекте" деген бүтүм чыгарган.

"2013-жылы ноябрь айында баш калаада сойкуларды кармап, медкароодон өткөрүү сыяктуу иш чаралар болуп, алардын 80 процентинен сифилис, ВИЧ сыяктуу жугуштуу илдеттерди табышкан. Ошондой эле жыл сайын 15-25 жаштагы кыздар жүздөп бул өлкөдөн Түркияга, Араб Эмирликтерине секс кулчулугуна сатылууда. Былтыр эле 613 кыз дайынсыз жоголгон дейт бөлүмдүн өкүлү Саламат Адылов. Бирок тартип сакчылары сойкулардан пара алган учурлар да кеӊири катталууда. БУУнун Өнүгүү боюнча программасы Кыргызстан ВИЧ абдан тез жайылган өлкөлөрдүн башында турат деп маалымдаган", - деп жазат Адриан Локнер.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG