Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

«Иншалла» дегени үчүн учактан түшүрүштү


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-апрель).

Америка Кошмо Штаттарынын Southwest Airlines компаниясынын аба каттамындагы жүргүнчүлөрдүн бири Хайрулдин Махзуми бир сөздү арапча айтып алганы үчүн учактан күч колдонуп түшүрүлгөн. Махзуми террорчулукка байланышкан коркунучтуу сөз деле айткан эмес. Ал «Иншалла» дегени үчүн гана бул кырдаалга тушукту деп жазат New York Times гезити.

«Кудай буйруса дегендин арапчасын айтуу менен өзү да кыйын акыбалда калган ирактык жаран үч миң метр бийиктикте бара жаткан жүргүнчүлөрдү да чочуткан. 2006-жылы да АКШда жүргүнчүлөр арапча жазуусу бар көйнөк кийген кишини учак каттамдардын бирине киргизбей коюшкан. Эми арап тилин АКШда түшүнүшпөсө да англисчеге «Иншалла» деген терминди киргизип коюу туура го. Мен өзүм Америкада жашап, англисче сүйлөйм, бирок диним ислам болгондуктан күнүнө жок дегенде 80 жолу «Иншалла», же "кудай буйруса" деп айтам. Кокус мени учакта кофе ичип отуруп: «Трамп менен Круз шайлоодон нөл добуш алсын, иншалла!», -деп жатканымды көрүп калсаңар, коркпой эле койгула, анткени мен деле силерге окшоп аман-эсен учкум келген бир катардагы жүргүнчүмүн», - деген көз карашын билдирди New York Times гезитине Аяхат Али аттуу журналист.

Сорос: Кытайдын экономикалык кыйроосу жакын​

Market Watch аналитикалык басылмасынын баяндамачысы Крейг Стефен Жорж Соростун «Кытайдын экономикалык кыйроосу жакын калды», - деп айтканы канчалык чындык деген суроонун үстүндө ой жүгүрткөн.

«Сорос мырза ар дайым Кытайдын экономикасына сын көз караш менен карап келет. Алтургай 2008-жылдагы каатчылыкты да алдын ала айтканы бар. Чын эле Кытайда азыр каатчылык башталганы жатабы? 2008-жылдагы кыйынчылык глобалдык мүнөзгө ээ болгону менен, Кытай экономикасы өтө деле зыян тартпаган. Бирок акыркы апталарда Кытайдын Улуттук банкы акча тартыштыгынан улам 870 миллиард юанды интервенциялады. Кыйын кезеңдин дагы бир көрсөткүчү болгон баалуу кагаздар базарындагы солгундоо улам тереңдеп бара жатат. Мындай жагдайлар Бээжинди бурчка такоодо. Адаттагыдай эле Соростун эскертүүлөрүнө олуттуу мамиле кылуу зарыл», - дейт Крейг Стефен.

Эгемен Күртстанды куруу мезгили келе элек

Foreign Policy журналында «Эгемен Күртстанды куруунун мезгили келе элек» деген аталыштагы аналитикалык макала жарыяланды. Анын автору Дов Фридман: «Көптөр качан Күртстан өз алдынча мамлекет деген макамды алат деп күтүп келишет. Бирок азыркы тапта «Ислам мамлекети» уюму менен согуш, мунай баасынын арзандоосу, ойку-кайкы түшкөн күрт мамлекетчилеринин айынан дагы ондонгон жылдар бою Күртстан өз алдынча мамлекет болчудай эмес. Эгемендикке Түркия бийлигинин Күртстан жумушчу партиясына жасаган кысымы да чоң жолтоо. Анын үстүнө дал ушул партия менен Ирактагы Күрт автономиясынын башчысы Масуд Барзанинин демократиялык партиясынын ортосунда жалпылык өтө аз. Тескерисинче 2014-жылдан бери Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Барзани жакшы ымалада болуп келет. Эгерде азыркы Күртстан Ирактан бөлүнүп кетсе, анда Түркиянын каарына калат. Анткени мунай, газ куурлардын көбү түрк жери аркылуу өткөндүктөн, Күртстан баары бир экономикалык эркиндикке чыга албайт», - деп жазат Foreign Policy.

Мышык кыйнаган адам соттолду

Британиянын Barclays аттуу ири банкында 18 ай аналитик болуп иштеген 24 жаштагы Америка Кошмо Штатынын жараны Деклан Гаррити үйүндөгү мышыгын кыйнаганы үчүн сот жообуна тартылганы жатканын Financial Times гезити жазып чыкты. Гаррити Түндүк Ирландияда март айына чейин аталган банктын башкаруу тармагынын серепчиси болуп иштеген. Ал ошол учурда үйүндөгү мышыкка зомбулук көрсөтүп, кыйнаганы аныкталган. Узаган аптада Нью-Йорк шаардык соту ага расмий айып коюп, жаныбарга жасаган зомбулугу үчүн аны камакка алып, 6 миң доллар айып пул салды. Кыйноолорду Гаррити ижарага алып жашаган батирдин ээси көрүп калган. Ал эми GoFundMe аттуу кайрымдуулук уюму зомбулук көргөн мышыкка жардам берүү чакырыгын жасап, 467 кишиден 13 миң доллар чогултту. Бул каражат мышыктын дарылануусуна сарпталарын Financial Times басылмасы баяндады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG