Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

Лондон арам акчаны адалдаган шаарбы?


Максим Бакиевдин Британиядагы үйү. Коррупциялык кирешелерди иликтөөгө адистешкен Global Witness уюму мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим наркы үч жарым миллион фунт стерлинг турган хан сарайда жашап жатканын аныктаган.
Максим Бакиевдин Британиядагы үйү. Коррупциялык кирешелерди иликтөөгө адистешкен Global Witness уюму мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим наркы үч жарым миллион фунт стерлинг турган хан сарайда жашап жатканын аныктаган.

Дүйнөлүк басылмаларга баяндама (14-20-ноябрь).

Лондондо "акча адалдоону" токтотуу демилгеси көтөрүлдү

Британ баш калаасынын Кенсингтон, Челси сыяктуу эң кымбат райондорундагы үйлөрдүн дээрлик бардыгын чет элдиктер өз өлкөсүнөн мыйзамсыз алган акчага сатып алышууда. Эми британ парламенти Лондонду "арам акчаны жууган шаар" лакабынан чыгарууну көздөйт дейт The Guardian.

“Дүйнөдөгү байлар, мыйзамсыз акчанын ээлери, салыктан качкандар шаардагы эң кымбат турак жайларды сатып алышууда. Глобалдык клептократтардын агымын токтотуп, Лондон мурдагы тарыхый шаар макамын кантип калыбына келтире алат? Расмий маалыматтар боюнча, азыркы тапта Лондондо жылына 90 миллиард фунт-стерлинг адалданат. Офшордук эсептерде 120 миллиард фунтка барабар акча сакталган. Кымбат үйлөрдү сатып алып жаткан чет элдиктердин 75 пайызы өз мекенинде коррупция жана акча уурдоо менен айыпталып, издөөдө жүргөндөр экенин Кылмыштарга каршы күрөшүү улуттук агенттиги билдирет”, - деп жазат The Guardian.

Трамптын күйөө баласы бийликке келеби?

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер бир орунга турбай саякаттаган миллионер ишкер. Трамптын шайлоо өнөктүгү учурунда жакын кеңешчисине айланган. Эми анын жаңы бийликтеги орду кандай болот деген суроого Financial Times гезитинин аналитиги Гари Силверман жооп издеген. “Кушнердин атасы Нью-Жерсиде кыймылсыз мүлк сатып байыган, кийин Демократтарга ири суммада колдоо көрсөткөн бизнесмен эле. 2005-жылы федералдык сот аны коррупцияга шектүү деп таап, камакка алган. Анын бизнесин болсо уулу Жаред улантып келет. Ал New York Observer гезитин сатып алып, 1,8 миллион долларга Манхэттендеги Бешинчи Авеньюда жайгашкан 666 мунарасын да алган. Кушнер Дональд Трамптын кызына үйлөнгөнүнө азыр беш эле жыл болду. Мындан ары 35 жаштагы ишкер АКШ бийлигиндеги маанилүү фигура жана Трамптын жакын кеңешчиси болору божомолдонууда. Бирок 1960-жылы Жон Кеннеди бир тууганы Робертти башкы генерал кылып, кайын журтундагы адамдарды жооптуу кызматтарга койгондо чыккан чырдан кийин АКШ бийлигинде тууганчылыкка тыюу салынган. Ушундан улам Кушнер жашыруун иштейт деген пикирлер айтылууда. Анын үстүнө Кушнердин атасы жөөт коомчулугун жетектеп, өмүр бою Демократтарга колдоо көрсөткөн. Жөөттөр болсо Трампты катуу сындап келет”, - деп жазат Financial Times.

Кытай роботторду иштетип акчаны үнөмдөйт

Asian Nikkei Review журналы Кытайда жумушчу күчү кымбаттаган сайын ири фабрика жана заводдордо робот иштетип, акча үнөмдөө тажрыйбасы кире баштаганын кабарлады. Быйыл фабрика жумушчуларынын айлыгы беш пайызга көтөрүлгөн. Гуандонг провинциясында робот жасоочу ишкананын башчысынын айтымында, роботко талап быйыл өзгөчө күчөдү. Ушундан улам жумушчу роботторду чыгарган компаниялардын ортосунда да атаандаштык пайда болгон. Расмий Бээжин да механикалык жумушчуларды чыгаруучу ишканаларга мамлекеттик субсидияларды берип, бул тармактын өнүгүүсүн шарттоодо. Ошентсе да адам жасаган көп иштерге роботтук технологиянын күчү азырынча жете элек болгондуктан, заводдорду толук механикалык ыкмага өткөрүү иши оңой-олтоң боло койбойт деп эсептейт жапониялык Asian Nikkei Review журналынын талдоочусу.

Шахматты окуу программасына киргизүү сунушталууда

Wall Street Journal басылмасы “Чын эле шахмат акылды өстүрөбү?” деген аталышта макала жарыялады. Дүйнөдө азыр шахмат оюнуна болгон кызыгуу артып, Арменияда аны мектептеги окуу программасына киргизүү сунушталууда. Айрыкча билимге терең маани берген ата-энелер балдарын башталгыч класстан эле шахмат клубдарга алып барышууда. Окумуштуулар бир нече ирет шахмат чын эле кишинин акылын өстүрөбү деген суроого жооп издеп көрүшкөн. 2011-жылы жүргүзүлгөн байкоодо 1800 шахмат оюнчусунун интеллектуалдык деңгээли текшерилип, шахматта күчтүү болгондордун ой жүгүртүү жөндөмү турмушта да жогору экени аныкталган. Жалпысынын бул багытта азыр 19 эл аралык изилдөө бар. Британияда да 100 мектепке шахматты окуу программасына кошушкан. Дал ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли башкаларга салыштырмалуу жогору чыккан деп баяндайт Wall Street Journal.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG