Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

"Меркелге Германия башпаанек берген жок"


Европага башкалка издеп келген качкындардын балдары.
Европага башкалка издеп келген качкындардын балдары.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-27-ноябрь).

Былтыр Германиянын Дуйсбург шаарындагы ооруканада көз жарган сириялык келин кызына Ангела Меркел деп ат койгон. Жаш ата-эне мындай жол менен жаңы мекен таап, Германиядан башкалка алабыз деп үмүттөнүшкөн. 2015-жылы Жакынкы Чыгыштан келген качкындардын арасында төрөлгөн кыздардын көбүнө немис канцлеринин аты-жөнү ыйгарылган. Бирок ымыркайлардын ата-энеси эңсегендей башпаанек берилген жок деп жазат Washington Post гезити.

Bild басылмасы да сириялык Ангела Меркелдин үй-бүлөсүнө Германиянын Миграция жана качкындар боюнча федералдык башкармалыгы башкалка бербей койгонун кабарлады. Кыздын атасы Мамун Хамза бул окуяга терең кайгырганын айтканын жазды аталган гезит. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар резолюциясына ылайык, Германия Ангелага расмий башкалка бериши керек эле. Бирок анын ордуна “камсыздалган коргоо” деп аталган жаңы статус ыйгарган. Бир жыл мурда качкындардын дээрлик баарын кабыл ала берген Германия эми өз дарбазасын аймагында төрөлгөндөр үчүн жаап жатат. Үмүтү үзүлбөгөн Ангеланын ата-энеси кийинки жылы да немис бийлигинен башпаанек сурашмак болуп жатканын билдирет Washington Post гезити.

Трамп чет өлкөгө берилчү жардамды токтотобу?

Foreign Policy журналынын бир нече аналитиги Дональд Трамп Кошмо Штаттардын президенттигине киришкенден кийин чет өлкөлөргө мурдатан берилип келген бир нече миллиарддык тышкы жардам программалары токтойбу деген суроого жооп издешкен. Жылына 34 миллиард долларлык бюджетти түзгөн программалар демократиялык институттарды колдоо, үй-бүлөнү пландоо, кумсалардын укугу, климаттык өзгөрүүлөр сыяктуу бир нече тармактардан турат. Гуманитардык ишмердикти аркалаган уюмдар эми Дональд Трамп шайлоо алдындагы сөзүнө туруп, алардын каржылоосун кесип койобу деп кооптонушууда. USAID программасы аталган журналга жаңы шайланган президент менен азырынча байланыш боло электигин билдирди. Трамп деле азырынча бул багытта кандайдыр бир билдирүү жасай элек. АКШ дүйнөдөгү эң ири донор өлкө болуп саналат. Быйыл Конгресстеги Республикачылар Обаманын бийлиги учурунда 37,9 миллиард долларды чет элге ар кандай жардам катары бөлүү керек деген чечимди колдошкон. АКШнын федералдык бюджети 2016-жылы төрт триллион долларды түзгөн.

Дональд Трамп ири суммадагы акчаны талаага чачпай өз элине жумшайм деп убада берип келет. Ошентсе да апрель айындагы дебаттар учурунда АКШ элинин дүйнөдөгү гуманитардык тынчтык орнотуучу жүзүн сактап калууга аракет кыларын айтканы да бар.

АКШ бийлиги айрыкча качкындарды, миграцияны жөнгө салууда жыл башынан бери беш миллиард долларга чукул каражат сарптаган. Жаңы президент болсо мигранттарды жектеген идеялары менен таанымал. Октябрга чейин USAID мекемесинин башында турган Жон Симпкинс Трамптын администрациясы өзгөчө кумсаларды колдоого багытталган каражаттарды азайтарын эскертет. Биро Республикачыл конгрессмендердин көбү эл аралык жардамдарды АКШнын коопсуздугун сактоодогу маанилүү күч катары карап, ага өзгөчө маани берип келгени талашсыз деп баяндайт Foreign Policy.

Эрдогандын опузасы

New York Times гезити Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Европага карата соңку опузасына сереп салды. Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүсүнө чекит коюлгандан кийин Эрдоган жаалданып, ачуусун мигранттардан чыгармай болду.

“Айткан сөзүңөргө турбайт экенсиңер. Болгариянын чегиндеги Капыкуледе 50 миң качкын турганда мага жалбарып ыйладыңар эле. Ачуум келсе дарбазалардын баарын ачып, миллиондогон качкындарды аймагыңарга койо берем. Силер Алан Курди аттуу бала деңизге чөгүп, жээкке чыгып калганда караган жоксуңар. Омран Дакнеш сыяктуу беш жаштагы наристе ыйлап жатканда алып кетпедиңер. Ошондой армандуу, үйсүз калган үч жарым миллион качкынды Түркия тойгузуп, багып жатат”, - деди Эрдоган. Азырынча Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы качкындарды колдоого карата акчалай жардам берүү келишими Европарламентте добуштан өтпөй турат”, - деп жазат New York Times.

Кытай лидери Кастро менен коштошууда

Кубанын коммунисттик партиясынын лидери Фидель Кастрону Кытайда чоң сый-урмат менен эскеришүүдө деп кабарлайт China Daily гезити. Кастрону Кытай президенти Си Цзинпинь “Азыркы замандын улуу өкүлү” деп атап, Коммунисттик партияда аза күтүү болду. 56 жылдан бери Кытай менен Кубанын кызматташтыгы мыкты деңгээлде болгонуна дал ушул Кастро себепкер экенин кошумчалады Цзинпинь. “Фидел Кастронун өлүмүн кытай эли терең кайгырып кабыл алууда. Урматтуу командирден жана жакын досубуздан, ошондой эле тарыхты жараткан мыкты инсандан айрылдык. Кытай эли Кастрону унутпайт”, - дейт Кытай президенти Си Цзинпинь.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG