Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Бишкекте Кыргыз-Түрк университетинде мечиттин пайдубалы салынууда. Бул мамлекет динден ажырым болушу керек деген жобого жана динзарлардын суроо-талаптарына канчалык шайкеш келет?

Ош университетинде беш жылдан бери мечит иштейт, азыр эми Бишкекте Кыргыз-Түрк университетинде мечиттин пайдубалы салынып жатканы айтылууда. Буга чейин парламентте намазкана ачылганы белгилүү, ал эми майрамдык намаздардын мечиттерде эмес, шаар борборлорунда өтүп келатканы да мамлекет динден ажырым болушу керек деген жобого жана динзарлардын суроо-талаптарына канчалык шайкеш?

Ушул маселени айрым өлкөлөрдүн мисалында карап көрсөк.

ИРАН

Иран исламдык мамлекет, ошондуктан бул өлкөдө мамлекеттик органдарда гана эмес, бала бакчаларда да мечит, намазканалар бар. Мындан 33 жыл мурдагы исламдык төңкөрүштөн кийин бирок бүгүн Ирандын мечиттеринен жаштарды көп кезиктире албайсыз.

Иранда бийлик молдолордун колунда, сүрөттө Аятолла Хаменеи тургундар менен, август, 2012-жыл

Иранда бийлик молдолордун колунда, сүрөттө Аятолла Хаменеи тургундар менен, август, 2012-жыл

Ирандык журналист Омид Никфаржам мечиттер бардык жерде болгону менен намаз окууга мажбурлоо жок дейт:

- Иранда мечиттер бардык жакта, мектептерде, университеттерде, мейманканаларда, кеңселерде бар. Бирок намаз окууну мыйзам милдеттендирбейт. Мечитке намазга баруу, же барбоо ар кимдин өз ыктыяры.

Элди намазканага баргыла деп милдеттендиришкен, бирок ... адамды буга мажбурлай албайсың.
Мен Кыргызстанда бир атеистти кармап алып, намаз окуйсуң деп мажбурлашкан деген кабар болгонун айтсам, Омид ишенген жок:

- (Күлүп) Чын эле ошондой болуптурбу? Бизде андай жок. Иранда кээ бир мектептерде, кайсы бир университет, кеңселерде намаз милдеттүү болгон учурлар болгон. Окуучу, студенттерди, кызматкерлерди намазканага баргыла деп милдеттендиришкен, бирок бир айдай убакыттан кийин кол шилтеп коюшту, себеби адамды мындай нерсеге мажбурлай албайсың.

Иранда кээде коомдук жайларда намаз окулган учурлар кездешет, бирок Орозо айт сыяктуу маанилүү намаз мечиттерде окулат:

1979-жылдагы Исламдык төңкөрүштөн кийин короосу чоң болгон Тегеран университетинде намаз окулчу. Бирок Орозо айт өңдөнгөн майрамдык намаздар Тегеранда Мусалла деп аталган борбордук мечитте өтөт. Ирандын диний жол башчысы Аятолла Хоменейи намазга жыгылат, калгандар анын артында туруп жыгылат. Президент, башка атка минерлер да ошол жерде болот. Бул намазды чоң салтанат катары көрсөтүүгө аракеттенишет.

Иранда эмне үчүн жаштар мечиттен качышат, Кыргызстанда мисалы мечитке жаштар көп барат деп сураганыбызда Омид дагы таң калып, Иранда жаштар динден эле эмес, өзүнө окшоп миллиондоп чет өлкөлөргө да качышканын белгилеп, анын себебин бир диндин абсолюттук үстөмдүгү өзүн актай албагандыгы менен түшүндүрдү:

Америкалык рэппер Азад Нафиси Ирандан качкан миллиондогон ирандыктардын бири

Америкалык рэппер Азад Нафиси Ирандан качкан миллиондогон ирандыктардын бири

Иранда тескерисинче. Анткени, Иранда динге берилген жаштарды көп кездештире албайсыз. Мечитке негизинен улуу жаштагы адамдар барат. Себеби улан-кыздар динге кызыкпайт, бирок биринчи кезекте, менин оюмча, алардын исламдык түзүлүштөн көңүлдөрү калган. Бул режим жаштарды исламга тарта алган жок.





БОСНИЯ

Босния-Герцеговина мурда Югославиянын курамында болгон, 1990-жылдардагы каргашалуу ички согуштан кийин бөлүнүп кетип, азыр НАТО менен Европа Биримдигине талапкерлердин тизмесинде. Бул жакка ислам XV кылымда осмон түрктөрү тарабынан алынып келинген жана толеранттуулугу менен таанылган.

Боснияда мусулмандар орозо намзда, Сараево, 19-август, 2012-ж.

Боснияда мусулмандар орозо намзда, Сараево, 19-август, 2012-ж.

Шарап ичүү эзелтеден салт болгон Боснияда мусулмандар биздин өзүбүздүн ислам бар дешет. Мына ушул жумуриятта бүгүн ислам динин кармангандар арасында толеранттуулук тайыздап, негизинен араб өлкөлөрү аркылуу келген фундаменталисттик секталардын таасири күч алууда.


Омер Карабек босниягерцеговиналык баяндамачы, согуштан кийин хорваттар, мусулмандар болуп экиге бөлүнүп калган Мостар шаарында туулган, ал бүгүн мекенинде мурдагыдай ынтымак жок экендигин белгилейт:

- Босния ар дайым көп улуттан, көп диндин өкүлдөрүнөн турган өлкө болгон.
Мурда бир көчөдө славян, католик, мусулмандар коңшу болуп, ынтымакта жашашкан. Бүгүн өлкө бөлүнүп жарылып калды. Этникалык тазалоодон кийин Босния-Герцеговинанын курамына кирген Српска Республикасында элдин 90 пайызы серб славяндары. Ал эми экинчи бөлүгүндө негизинен мусулман босняктар менен католик хорваттар жашайт. Бүгүн Боснияда диний сабырсыздык күч алган, мурда бардык босниялыктар өтө сабырдуу болчу.


Омер Карабек

Омер Карабек

Омер Карабектин чоң атасынын чоң атасы муфтий болгон, бирок өзү атеист.

Берина Бецирова Босниянын борбору Сараеводо чыгуучу "Дневни аваз" (Күндөлүк добуш) гезитинин кабарчысы. Ал Орозо айт өңдөнгөн чоң майрамдарда Сарайевонун борборундагы Бек мечитине барып турат. Эгер согушка чейин борбор калаада 80 мечит болгон болсо, бүгүн алардын саны 110го жеткен.

Коомдук жайда намазкана курсак, славяндар менен католиктерге да сыйынуу жайын ачышыбыз керек...

Боснияда бүгүн мусулмандар көпчүлүктү түзгөн менен, окуу жайда же парламентте намазкана же мечиттер жок. Бецирова алардын болушу да мүмкүн эмес болуш керек деп эсептейт. Себебин сураганыбызда ал коомдук жайларда мечиттин болушу башка улуттардын жана башка динди кармангандардын укугуна шек келтирмек деди:

Башка өлкөлөрдө мындай маселе козголуп жатканын билем, бирок Сараеводо университетте же парламентте мечит куруп, намазкана ачалы дегенди уга элекмин. Сараеводо мусулмандардан башка сербдер, хорваттар да бар эмеспи. Мусулмандар басымдуулук кылган менен, калган эки эл мыйзам тарабынан корголгон. Бардыгыбыздын укугубуз бирдей болушу керек. Эгер коомдук жайда намазкана курса, славяндар менен католиктерге да сыйынуу жайын ачышыбыз керек.

"Шарап ичсе мусулман эмес" деген туура эмес, ар ким каалагандай жашоого укуктуу...

Биз Бецировадан мусулмандар орозодон башка убакта шарап ичишкендиктен, башка жактан келгендер силер чыныгы мусулман эмессиңер десе, эмне деп жооп берээрин сурадык. Сараеволук кабарчы мындай дейт:

Мен мындай сынды кабыл албайм. Ар кимдин өз пикири бар, ар ким каалагандай жашоого укуктуу.

Боснияда ар кыл улуттун өкүлдөрү жашайт

Боснияда ар кыл улуттун өкүлдөрү жашайт

Ал эми Бецированын жердеши Омер Карабег Боснияда четтен, негизинен араб өлкөлөрүнөн келген каражаттын эсебинен фундаменталисттердин таасирин жайылтуу аракеттери болуп жаткандыгын белгиледи. Ошол эле убакта ал көп түрдүүлүк жана сабырдуулук 500 жылдан бери үстөмдүк кылган Боснияда оогандык талиптердики өңдөнгөн ашынган экстремизмге шарт жок деп ишенет:

- Боснияда адамдар эч качан фундаменталисттик болгон эмес. Бизде атеисттер да, динге берилгендер да болгон, азыр да бар. Азыр экономикалык каатчылыкта жаштардын жумушу жок, ар жактарга кетип жатышат. Бирок алар Сауд Арабстанга же Иранга барган жок. Көптөгөн босниялык мусулмандар АКШга, Австралия, Жаңы Зелландия, Батыш Европага бозгун болуп кетишкен, азыр да кетип жатышат. Алар дининен айрылган жок. АКШда, Германияда деле мечиттер бар эмеспи.

КАЗАКСТАН

Коңшу өлкөнүн борбордук аймагындагы Кокшетау шаарында быйыл момун мусулмандар Орозо айттагы намазды адаттагыдай эле мечитте окушту.

Шариятта коомдук жайда намаз окуганга каршы эч нерсе айтылган эмес.

Бирок Кокшетау мечитинин кызматкери Темирбек ажы мындай чоң намаздын коомдук жайларда деле окулушуна шариятта каршылык жок деп эсептейт:

- Бизде намазды мечитте окушат. Динзарларга орун жетишээрине жараша болот. Шариятта коомдук жайда намаз окуганга каршы эч нерсе айтылган эмес. Жума намазды гана мечитте окуш керек делет. Ал эми Орозо айттагы майрамдык намазды көп эл бата турган стадион же башка жерлерде окуса деле боло берет.

Алматыда жаш жигит мечиттин алдында исламдык күннаама сунуш этип турат

Алматыда жаш жигит мечиттин алдында исламдык күннаама сунуш этип турат

​Кыргызстандан айырмаланып, Казакстанда мамлекеттик жана коомдук жай, мекемелерде намаз окууга тыюу салынган. Эгер мурда аскердик казармаларда да мечиттер болсо, азыр мусулман динин карманган аскерлер көздөн далдаа жерде намаз окушу керек.

Түрмөлөрдө, аскер бөлүктөрүндө мечиттер бар эле, азыр баарын жаап салышкан.

Көп улуттуу өлкөдө мындан эки жыл мурда кабыл алынган бул мыйзам айрым мусулмандарга жаккан жок.

Темирбек ажы мусулмандар каалган жерде намазга жыгылса болот деп эсептейт:


- Намазды каалаган жерде окуса болот. Сунна боюнча пайгамбар кайда болсо да боло берет деген. Мамлекеттик органбы, жокпу баары бир. Мурда көп түрмөлөрдө, аскер бөлүктөрүндө мечиттер бар эле, азыр баарын алып салышты. Азыр армиядагы мусулман да намазды эч кимге көрүнбөй окуш керек.

Казакстанда намаздар мечитте гана окулат, бирок мечиттин ачылышына президент да келиши ажеп эмес, Астана 2012-ж.

Казакстанда намаздар мечитте гана окулат, бирок мечиттин ачылышына президент да келиши ажеп эмес, Астана 2012-ж.

Кезегинде Алматы мечитинде иштеген Темирбек ажы мындай чектөөгө Казакстандын муфтийи да каршы болгонун айтат.

Кокшетау Астана шаары шайгашкан Акмоло областынын административдик байтактысы болуп саналат. Мында 140 миңдей киши жашаса, казактар алардын 51 пайызын түзөт.

Ал эми мусулмандардын саны Казакстан боюнча 60 пайыз. Алар салыштырмалуу аз болгону менен Кокшетау мечитинин кызматкери Ислам дини өлкөдөгү үстөмөн дин деп жарыяланса деп эңсейт:
Парламент исламды мамлекеттик дин деп жарыялаарына үмүттөнөм.



- Казакстан, Өзбекстан - мусулман өлкөлөрү. Элдин көпчүлүгү мусулмандар. Мамлекеттик диний ишеним деп ислам динин кабыл алганга эмнеге болбосун? Эмне үчүн биз орустарды, башка динди кармангандарды угушубуз керек? Биздин парламентте отурган бир туугандарыбыз акылына келип, ушундай мыйзам кабыл алышат деп үмүттөнөм.




ӨЗБЕКСТАН

Самарканддагы Бибиханум мечити

Самарканддагы Бибиханум мечити

Рахматулло Ташкендеги Исламдык университетти бүтүргөн. Дин маселеси мамлекеттин катуу көзөмөлүндөгү бул өлкөдө исламдык университетте да мечит жок экени таң калыштуу эмес. Бирок өзү момун мусулман болуп туруп, Рахмотулло динди мамлекеттик иштерге аралаштырууга каршы, себеби дин ар кимдин жеке иши болуш керек деп эсептейт.

Ал миңдеген мусулмандар узак мезгилдерге кесилгени үчүн сындалып келаткан Өзбекстанда момун мусулманга таптакыр күн жок деп айтпайт, бирок сак болуш керек дейт. Белгилүү себептерден улам, Рахмотуллонун атын өзгөртүп койдук:
...жашыраак киши мечитке барса, коопсуздук кызматтарынын кара тизмесине түшөт деп угам.


- Өзбекстанда мусулмандар деле жашаса болот, бирок кичинекей болсо да коркуу сезими бар. Мен так билбейм, бирок жашыраак киши мечитке барса, коопсуздук кызматтарынын тизмесине түшөт деп угам. Ошондуктан, бир аз коркушат.

Азыр Европадагы шаарлардын биринде инженердик окууда окуп жаткан Рахмотулло Кыргызстандагыдай дааватчылар эшигиңди кагып келип, динге үгүттөгөн көрүнүш Өзбекстанда жок дейт:

Ташкен базарындагы мусулман аял

Ташкен базарындагы мусулман аял

- Жок, бизде андай жок. Тескерисинче башка диндин өкүлдөрү ошентип көчөдө үгүттөп жүрүшү мүмкүн. Бизде мамлекет динден бөлөк болгондуктан, мамлекеттик мекемелерде намаз окууга да болбойт. Эгер көрүп калышса, иштен кууйт, же дагы башка кыйынчылыкка туш кабылат.

Мусулмандарга болгон мындай кысымга карабастан, маектешибиз динге эркиндик берилген күндө да, жердин баарын мечитке айландырууга каршы. Ал намазды мечитте окуп, иште иштеш керек деп эсептейт:

- Динге ишенген кишиге сый мамиле болуш керек. (Ошол эле убакта)
Иштеп аткан киши ишин таштап эле, намаз окуганы кеттим десе, бул мекеменин ишине кедерги болот...

демократиялык өлкөдө кантип мындай намазкана койсо болот? Албетте эгер жогортон чечилсе бир жөн. Иштеп аткан киши ишин таштап эле, намаз окуганы кеттим десе, бул мекеменин ишине кедерги болот. Намазга көп убакыттын деле кереги жок. Бир күндө бир сааттай убакыт кетет. Калып калган намазын кечинде, же бир бурчекке бара калып окуп койсо деле боло берет.

Рахматулло бирок майрамдык намазды мечиттерде окуган туура деп эсептейт. Себебин мындайча түшүндүрөт:

- Мындай намаз атайын бөлүнгөн жайларда окулганы жакшы деп ойлойм. Намаз үчүн эң ылайыктуу жай - бул албетте мечит. Мечитте даарат алганга да шарт бар, психикалык да, руханий жактан да намазга ылайыкташкан. Көчөлөрдө кимдер гана жүрбөйт. Анын үстүнө мамлекеттик гана эмес, динзарлардын да коопсуздугу үчүн мечит эле ылайык.

Өзбекстанда акыркы жылдары мечиттер жабылып, ордуна наабайкана же башка жайлар ачылган. Бирок борбордук мечиттер иштеп жатат. Жума намаз, айт намаздар адатта ошол жерлерде өтөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG