Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:49

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча Рио+20 дүйнөлүк саммити өтүүдө. 20 жыл мурун дал ушул шаарда глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн максаттары менен жолдору сунушталган. "Өңүт" экологиялык саясаттын жетишкендиктери менен кемчиликтерин талдайт.

Адамзат табигый байлыктар кескин азая баштаган доорго кирди. Соңку 30 жылда жер алдындагы кара май кенчинин 50% түгөттүк. Жер бетиндеги токойдун 30% кыйып, айдоо жерлердин 25% керектен чыгардык. Учурда адамзаттын күндөлүк керектөөсү 1 эмес 1 жарым планетада жашагандай ыргакта.
Эгер дүйнө жүзү америкалыктардай жашаса, анда бизге 5 планета, европалыктарча жашаса – 3, ал эми орустардай жашаса – 2 планета керек. Бирок дүйнө калкын 1 гана планета батырып турат.

20 жыл мурун Рио-де Жанейродо дүйнөлүк лидерлер чогулуп, глобалдык көйгөйлөрдү аныктап, туруктуу өнүгүүгүн стратегиясы кабыл алынган. «21-кылымдын күн тартиби» деген аталыштагы атайын cтратегия иштелип чыккан. Алдыга чоң максаттар коюулуп, глобалдык экологиялык саясат жаңы нукка – экология, экономика менен социалдык өнүгүүгө бирдей артыкчылык берүүгө бурулган.

20 жыл ичинде жашыл планета кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду? Рио+20 саммитин утурлап Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы жаңы баяндамасын жарыялады. Анда соңку 20 жыл ичинде глобалдык экологиялык саясат кандай жүргөнү иликтенген. Жаңы баяндамынын авторлорунун бири, БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын эксперти Николой Дронинге узаттык:

- Бул 20 жыл ичинде айлана чөйрөнү коргоо боюнча 500дөн ашуун эл аралык келишимдерге кол коюлган. Бул сандык жагынан абдан көп. Биз баяндамада алардын эл аралык деңгээлде кабыл алынып, айлана чөйрөнү коргоодо максатына жетет деп күтүлгөн 90 макулдашууну алып, анализдедик. Натыйжада, ошол 90 эл аралык документтин төртү гана өз максатына жеткенин көрдүк. Алар: стратосферадагы озон катмарын сактоо – иш жүзүндө глобалдык алкакта озон катмарын буза турган хлорлуу фтору бар газдар кыскарган; экинчи автоунаа үчүн күйүүчү майдагы коргошунга тыюу салынган – ал дагы максатына жетти. Абанын булгануусун токтотууга көрүлгөн аракеттер натыйжалуу болгон. Ал эми 40 келишимди аткарууда кандайдыр бир жылыштар бардыгы байкалат; Ал эми 1992-жылы РИОдо аныкталган жети максат туңгуюкка кептелген. Климаттын өзгөрүүсү – эч кандай прогресс болгон эмес; Кургакчылык жана чөлгө айланууга каршы күрөштө эч кандай жылыш болгон эмес. Суу ресурстарынын тартыштыгын жоюу – бул Борбор Азияга дагы тийешелүү. Глобалдык деңгээлде 20 жыл ичинде эч кандай алга жылуу сезилбейт.













Дүйнөлүк тарыхтын соңку 20 жылын барактасаңыз, саясий картада гана өзгөрүү болбостон, жандуу жаратылыш дагы оор кризистерге кирептер болду. Эмне үчүн жүздөн ашуун өлкөнүн лидерлери катышып, бийик трибунадан кабыл алынган – туруктуу өнүгүү концепциясынын максаттары ишке ашпай калды? Бул суроого Улуттар Уюмунун экология боюнча адиси Николай Дронин мындай жооп узатты:

- Биз күтпөгөн жаңы көйгөйлөр пайда болууда. Маселен, алардын бири дүйнө жүзү таштандыларды жок кыла албай койду. Химиялык калдыктар сыяктуу өндүрүштөн чыккан таштандылар менен катар эле күндөлүк турмуш-тиричиликтин калдыктары. Аны менен катар азыр таштандылардын жаңы түрү - электрондук-кмпьютердик өндүрүштөн чыккан калдыктар пайда болду. Компьютер эң көп дегенде 5 жыл, болбосо орточо алганда 2-3 гана жыл пайдаланылат. Технология ушундай тездик менен өнүгүүдө. Биз мындай таштандыларды кайра иштетүүгө даяр эмес экенбиз. Мына азыр Европа аларды колдонулган буюм деген шылтоо менен Африка өлкөлөрүнө ташууда. Медициналык таштандылар дагы үчүнчү өлкөлөргө ташылууда. 1992-жылы 1-дүйнөлүк саммитте ушундай көйгөй келип чыгаарын эч ким ойлогон дагы эмес.

Дүйнөдө жылына 20-50 тонна э-таштанды чыгат.

Дүйнөдө жылына 20-50 тонна э-таштанды чыгат.

Риодогу 1-саммитте глобалдык экологиялык саясат – улуттук өкмөттөргө таянган. Өлкөлөр экономикага караганда экологияга артыкчылык беришет деген идея басымдуулук кылган. Бирок тескерисинче, экономикага артыкчылык берилүүдө. Мына климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракеттерден эч кандай майнап чыкпагандыгы мунун айкын мисалы. Киото протоколу максатына жетпей калгандыгы белгилүү.

Дагы бир маселе – илимий ыкмалар жайылтылганы менен глобалдык алкакта экологиянын абалын так чагылдырган маалыматтардын жоктугу. Мен сөзүмдүн башында айткан 90 макулдашуунун он төртүн иликтөө үчүн маалыматтар жок болуп чыкты.


"Жашыл" экономика туңгуюктан чыгарабы?

«Биз мындан ары дагы соңку 20 жылдагыдай көз караш менен жашасак, келечекте эч кандай алгалоо болбойт. Бир гана тыянак – глобалдык экологиялык саясатты кандайдыр бир жол менен түп-тамырынан бери өзгөртүү керек», деп белгиледи Н.Дронин "Азаттыкка" курган маегинде.

Түп-тамырынан бери өзгөртүү кандай, кайсы багытта болот? Азырынча түрдүү сунуштар менен прогноздор гана айтылууда.

Кыргызстан Рио-92нин алкагындагы макулдашуулардын бардыгына кошулган. Өлкөнүн экологиялык стратегиясындагы жаңы демилгелер тууралуу бул жерден угуңуз:


Рио-де-Жанейродогу дүйнөлүк жыйында "жашыл" экономиканы жайылтуу аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүү, ачарчылыкты түп-тамырынан бери токтотуу талкууланууда.

Эл аралык эмгек уюмунун оптимисттик баамында, дүйнөдөгү өлкөлөр "жашыл" экономикага өтсө - жакынкы 20 жылда 15тен 60 миллионго чейинки жумушчу орундары түзүлөт экен. 10 миллиондогон адамдар ачарчылыктын кутулуп, жашоо шартын оңдойт. Экономиканын бардык тармактары, айрыкча айыл, токой жана балык чарбасы, энергетика жана кайра иштетүү, курулуш менен транспорт тармактары чоң өзгөрүүлөргө барат деген жаркын божомолдор белгиленет.
Күн нурунан энергия алуу

Күн нурунан энергия алуу


Ал эми туруктуу өнүгүү боюнча исландиялык профессор Кристин Вала Рагнарсдоттир: "Жашыл" экономика модага айланганы менен чын-чынына келгенде кыйла татаал. Бул идеяны ишке ашырууда – туруктуу өнүгүүнүн эмне экенин аңдап билүү үчүн балдар, студенттерден тарта чечим кабыл алуучу мамлекеттик аткаминерлерди, деги эле жалпы элге түшүнүк берип, агартуу зарыл", деп белгилейт.

Экологиялык аң сезим менен маданият өлкөнүн расмий саясатына, билим берүүнүн абалына, элдин жалпы эле жандуу жашыл дүйнөгө каратата мурдатан калыптанган салт-санаасына байланыштуу эмеспи. Кыргызстанда айлана-чөйрөгө олутуу зыян тарттырган өндүрүш жок болгону менен токойлор кыйылып, жайлоолор чөлгө айланган аймактар бар. Адистердин белгилөөсүндө «Кызыл китепке» кирген сейрек жаныбар, канаттуулардын бир тобу, өзөн-көлдөрдөгү балыктар жоголду.

Коррупциялашкан башкаруу системасы тоо-кен тармагын арабөк ахвалга алып келди. Суу байлыктарын башкаруу жана пайдалануу майнапсыз болуп, мөңгүлөр азаюда.

Профессор Эмил Шүкүров - белгилүү окумуштуу, георграфия илимдеринин доктору, Кыргызстандагы экология тармагына негиз салуучулардын бири менен маектин толук аудиосу жана кыска видеосу:


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG