Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Чатырга окшош күн панели чөнтөккө пайда


Электромоторлуу учак планерди биринчи жолу "абада сүйрөдү". Ашыкча энергияны сактачу күн аккумулятору. Үч дөңгөлөктүү электровеломобил. Австралияда төрөлгөн салмагы 6 килолук бала үч айга толот.

Электромоторлуу учак планерди "абада сүйрөдү"

23-мартта аккумлятордон кубат алган Extra 330LE электр учагынын прототиби жаңы рекорд койду. Электр учагы Германиянын атактуу Siemens компаниясында жасалган. Ал Германиянын түндүгүндөгү Dinslaken Schwarze Heide Airfield аэродромунда 3 км аралыкта ылдамдыгын 337.50 км/саатка жеткирди. Мындай ылдамдыкты ал 1000 кг чейинки салмакта багындырды. Пилот Уолтер Экстра (Walter Extra) ошентип 2013-жылы америкалык Уильям М. Йейтс (William M. Yates) койгон рекордду жаңыртты. Америкалык пилоттун ылдамдыгы 324. 02 км/саат эле.

Электр учак бир аз модификациялангандан кийин салмагы 1 000 кг чоң өзү типтеги учактар үчүн да рекорд койду: пилот Вольтер Кэмпсмэнн (Walter Kampsmann) 3 км аралыкта электр учактын ылдамдыгын 342.86 км/саатка жеткире алды. Extra 330LE ошондой эле планерди 600 метр бийиктикке 76 секундда өзүнө чиркеп сүйрөп чыкты. Буга чейин электр учактар мотору жок планерду абада чиркештирип алып сүйрөгөн эмес.

Extra 330LE учагынын электр мотору 50 кг болгону менен 260 кВт энергия берет.

"Эки рекорддун өзү жана планерди чиркеп тартуу биз жасаган жаңы мотордун мүмкүнчүлүгү чоң экенин айгинелейт. 19 жүргүнчүнү ташычу кичи класстагы гибриддик электр учакты кыймылга келтирүү үчүн берегидей алты гана мотор жетет", - дейт Siemens концернине караштуу Aircraft компаниясынын жетекчиси Франк Антон (Frank Anton).

Мындай гибриддик электромоторлор келечекте жергиликтүү авиакаттамдарды тейлечү чакан учактарда пайдаланылат деп мерчемделүүдө.

(Булагы: http://www.siemens.com, http://true-news.info, http://www.thedrive.com)

Энергияны сактачу күн аккумулятору

SolarRoof деп аталган күн батареясын (панелин) АКШдагы инновациячыл Tesla компаниясынын инженерлери жасады. Ал ушул эле компанияда жасалган Powerwall үй аккумуляторунан иштейт. Жаңы күн панелинин өзгөчөлүгү: анын бардык монтаждалчу шаймандары жука күн панелдеринин астына жайгашкандыктан мурдагыдай чатырдын көркүн бузбайт жана чатыр менен куюлушуп турат. Панелдер чогулткан ашыкча энергияны Powerwall аккумляторунда сактап, түнкүсүн, же күн бүркөктө, же зарыл учурда керектесе болот.

Кубаты 325 ваттык күн панелдери быйыл жайында Panasonic компаниясынын Буффало шаарындагы ишканасында жасала баштайт, бирок сатыкка качан чыгары азырынча беймаалым.

Азыр кардарларга айнек черепицанын ичине орнотулган (жайгаштырылган) SolarRoof күн панелдеринин төрт түрү сунуш кылынууда. Алар кадимки асфальт, шифер, жыгач жана чопо түстүү. Чопо түстүүсү Түштүк Калифорния жана Аризона сыяктуу ысык штаттарга ылайыктуу.

Tesla компаниясынын башчысы Элон Масктын ырасташынча, SolarRoof күн панелдеринин баасы кадимки үйдүн чатырындай эле турат. АКШда Tesla Powerwall аккумуляторун орнотуу кеминде 1000 доллар. Эгер аккумулятор “күн панели плюс энергияны сактоо” системасы ирети орнотулса, ал панелдин бир бөлүгү болуп калат. Жалпысынан алганда 5 кВт күндүн энергия системасы кардар жашаган штатка жараша 8500 доллардан 16000 долларга чейин турат. Tesla компаниясынын билдиришинче, уктоочу үч бөлмөсү бар үй (three-bedroom house) күнүнө 15 кВт электр энергия керектейт.

Берегидей аккумуляторду колдонуудагы сиднейлик программист Ник Пфицнердин (Nick Pfitzner) тажрыйбасы кызыктуу. Эки балалуу Пфицнер Австралияда биринчи болуп Tesla Powerwall 1 аккумуляторун сатып алган жана андан кандай пайда болорун изилдеп чыккан. Ал эгер күн панели иштеп чыккан ашыкча энергияны сактачу аккумуляторду сатып алганча жыл бою пайдаланган электр энергиясы үчүн 2578.26 Австралия долларын төлөсө, жаңы системага өткөндөн соң 178.71 доллар төлөгөн. Анын үй-бүлөсү Powerwall 1 аккумулятору орнотулгандан кийин 277. 91 долларга (1349.83 кВт/саат) энергия пайдаланган жана энергокомпанияга 304.59 долларга (3807.40 кВт) энергия саткан. Же Пфицнердин үй-бүлөсү мурда күнүнө 23 кВт энергия жакса, береги аккумуляторду сатып алгандан кийин күнүнө 4 кВт энергия пайдаланып калган. Адистердин айтымында, күн панелин пайдалануу чакан үйгө, чыгымын эсепке алганда, чөнтөк сезчүдөй пайда бербейт. Бирок бул система үй-бүлөнү электр компанияларынан көз карандысыз кылары талашсыз.

(Булагы: http://www.theaustralian.com.au, http://www.heraldtribune.com, https://cleantechnica.com)

Үч дөңгөлөктүү электровеломобиль

Үч дөңгөлөктүү жана бир орундуу электровеломобилди италиялык дизайнер Жорджо Р. Г. Барбагалло иштеп чыкты. Barbagallo X01 веломобилдин адам отурчу корпусу углероддон жасалган була жана жыгач менен капталган. Углерод була айнектей болуп айдоочуну шамалдан коргойт, жолду көргөнгө эч кандай тоскоолдук кылбайт.

Ошондуктан электровеломобилди жамгырда, атүгүл карсыз жолдо да минсе болот. Айдоочунун орундугунун төбө жагы поликарбонаттан жасалып, ага 120 ваттык SunPower күн панели орнотулган. Күн панели литий-фосфаттуу аккумуляторду заряддап турат. Электровеломобилди бир заряд менен төрт саат минсе болот же бир заряд 70 км аралыкка жетет.

Barbagallo X01 веломобилдин мотору айдоочу педалды тепкенде иштеп чыккан электр кубатын көбөйтүп турат. Анын максималдык ылдамдыгы 25 км/саат. Жалпы салмагы 55 кг.

Электровеломобилдин алды жана арт жагында серпилип, айдоочуга жолдогу аң-дөңдү анча сездирбечү амортизатору жана үч дөңгөлөгүндө тең тормозго жардамдашчу дисктери бар.

Электровеломобиль 2019-жылы июнда сатыкка чыгат. Каалоочулар азыртан эле 15 миң евро же 16 миң доллар төлөп, ага кезекке турса болот.

(Булагы: https://www.indiegogo.com, http://newatlas.com http://www.barbagallobikecars.com)

Австралияда төрөлгөн алптын таржымалы

Австралияда салмагы алты килограммдык бала төрөлгөнүн өткөн жумада дүйнөлүк маалымат каражаттары кабарлады. Брайан деп аталган бала 24-январда Мельбурн шаарында төрөлгөн эле. Анын бою төрөлгөндө 57 сантиметр болгон. Масс-медианын бул окуяга эми кайрылып жатат. Буга баланын энеси Наташа Корригандын (Natashia Corrigan ) баланы эпидуралдык анестезия же төрөттүн оорчулугун жеңилдетчү ийне сайдырбай төрөгөнү себеп болгон. Экинчиден, Брайандын салмагы Австралияда жаңы төрөлгөн балдардын орточо салмагынан эки эсе чоң. Үчүнчүдөн, Наташа Корриган Фейсбукта баласынын жаңы сүрөттөрүн чыгарды. Корриган буга чейин эки кыз төрөгөн.

Көпчүлүк өлкөлөрдө жаңы төрөлгөн баланын салмагы 2.5 килограммдан 4.5 килограммга чейин, бою 46-56 сантиметр болсо, нормалдуу деп эсептелет.

Корриган айым Австралиянын 7 News телеканалы көрсөткөн репортажда табигый түрдө төрөгөнүнө шок болуп турганын, бирок төрөп жатканда утуру терең дем алып, баарын жакшылыкка жоруганын айткан. Бирок ал ушундай алп бала төрөгөнүнө ишенген эмес.

Наташа Корриган Дүйнөлүк рекорддор катталчу Гиннесс китебине кирбейт. Себеби, эң чоң баланы теги канадалык Анна Хейнинг Бейтс 1879-жылы 15-январда АКШнын Огайо штатындагы Севилль шаарында төрөгөн. Бою 76 см, салмагы 21. 77 кг, таманын узундугу 152 мм наристе 11 саат гана өмүр сүргөн. Ал кийин Гиннесстин рекорддор китебине киргизилип, 1955-жылга чейин эң чоң төрөлгөн бала деп саналган.

Анна Хейнинг Бейтстин (күйөөгө чыкканга чейин Анна Хейнинг Свон) (6- август 1846 - 5-август 1888) бою 229 сантиметр болгон. Ал төрөлгөндө салмагы 8.2 кг болгон жана бою өтө тез өскөн. 4 жашында бою 137 см, 11 жашында бою 188 см жана салмагы 96 кг, ал эми 17 жашында бою 228.6 см, салмагы 159 кг, таманын узундугу 34 см болгон. Бою шатыдай эгиз Аннанын апасынын бою 160-163 см бийик экени маалымдалат. Анна Х. Свон 1871-жылы циркте чогуу иштеген шериги Мартин ван Бюрен Бейтске (9-ноябрь 1837-19-январь 1919) күйөөгө чыгат. “Кентуккилик гигант” деген лакап атка конгон Мартиндин боюнун узундугу 231 см жана салмагы 149 кг эле.

(Булагы: http://www.foxnews.com/health, http://www.huffingtonpost.com, https://en.wikipedia.org)

1Эпидуралдык анестезия - анестезиянын бир түрү. Ал колдонулганда омуртканын эпидуралдык мейкиндигине ооруну сездирбечү жана булчуңдарды бошоңдотчу дары катетер аркылуу берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG