Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Деңиз каракчылыгы Азияда күчөдү


2010-жылга чейин каракчылыктын ордосу болгон Аден булуңун азыр дүйнө өлкөлөрүнүн аскерий кемелери көзөмөлдөйт.

2010-жылга чейин каракчылыктын ордосу болгон Аден булуңун азыр дүйнө өлкөлөрүнүн аскерий кемелери көзөмөлдөйт.

Азияда деңиздеги каракчылык күчөдү. Бирок бул көрүнүштү иликтеген эл аралык уюм кара май баасынын арзандашы менен быйыл Түштүк Чыгыш Азиянын сууларында да каракчылык азаябы деп үмүт артууда.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм – Эл аралык деңиз бюросу шаршембидеги жаңы баяндамасында көрсөткөндөй, 2014-жылы дүйнө боюнча деңиз каракчылары 245 ирет кол салуу жасашты.

Бул глобалдык деңгээлде 2013-жылга салыштырмалуу деңиздеги коопсуздук жакшырды дегенди билдирет. Ал жылы жүк тарткан кемелер 264 ирет каракталган.

Бирок Эл аралык деңиз бюросу белгилегендей, кийинки кездери Түштүк Чыгыш Азияда, өзгөчө Индонезия, Сингапур, Малайзиянын ортосундагы деңиз жолдору чакан танкерлерге кол салган каракчылардын жаңы очогуна айланууда.

Азиянын сууларында негизинен мунай танкерлерине кол салынат.

Азиянын сууларында негизинен мунай танкерлерине кол салынат.

Деңиз бюросунун башкы директору Поттенгал Мукундан (Pottengal Mukundan) мунун себептерин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Кемелер анын бортундагы кара майды уурдоо үчүн каракталып жатат. Себеби Түштүк-Чыгыш Азияда мындай мыйзамсыз сооданы жүргүзгүдөй базар бар. Уурдалган жүктү балык уулоочу же башка чакан кемелерге оңой эле сатып жиберишет. Жакынкы эле убактарда кара май тарткан танкерлер мунай баасы кымбат болгонунан улам каракталып жатты. Анткени бул кылмыш өзүн экономикалык жактан актоодо да. 2014-жылдын ортосунан тарта мунай арзандай баштады, анын арзандоосунун быйыл да уланышы бул кылмышка карата кызыгууну азайтышы керек. Бирок биз каракчылык кыскарат деп кескин айта албайбыз. Мунайдын арзандашы аны сатуудан түшкөн кирешени азайтат. Анткен менен деңиз каракчылары жүктү баары бир сатып албастан, уурдашкандыктан кандайдыр бир киреше сакталып кала берет.

Эл аралык деңиз бюросунун эсебинде, 2014-жылдагы каракчылыктын 75% Түштүк-Чыгыш Азиянын үлүшүнө туура келди. Башкача айтканда өткөн жылы кемелер тонолгон же тоноо аракети жасалган 245 учурдун 141и ушул аймактын сууларында катталды.

Эксперттер мунун себебин Түштүк Кытай деңизи жана Малазия менен Индонезияны бөлгөн Малакк кысыгы азыр дүйнөлүк сооданын үчтөн бири өткөн жолго айланып калганы менен да түшүндүрүшөт.

Гвиней булуңунун картасы.

Гвиней булуңунун картасы.

Деңиз бюросунун башкы директору Поттенгал Мукундан “Азаттык” менен маегинде экинчи кооптуу аймак катары Батыш Африканы атады:

- Батыш Африкадагы Гвиней булуңунан салмагы 45-50 миң тоннага чейин жеткен ири кемелер мунай жана жүк тартып өтөт. Аларды абдан жакшы уюшулган кылмыштуу топтор курчап алып, жүктү башка чаканыраак кемелерге бөлүштүрүшөт. Бул операция алты-жети күнгө созулуп, адатта кемелер андан кийин бошотулат. Бирок Батыш Африкадагы каракчылыктын Азиядагыдан бир айрымачылыгы - каракчылык кээде кыянатчылык менен коштолуп, кеме экипаждарын каракчылар өлтүрүп коюшат.

Эл аралык деңиз бюросунун башчысы Поттенгал Мукундан "Азаттык" менен маегинде беш жыл мурда эле каракчылыктын ордосу болгон Аден булуңунда дүйнөлүк көзөмөлдүн артында бул көрүнүш дээрлик жоюлганын кошумчалады:

- Бул каракчылыкка каршы эң олуттуу жооп болду. Анткени ал жерде каракчыларды, алардын жарак-жабдыктарын талкалоо өңдүү аскерий кемелер гана жасай алуучу айрым чаралар талап кылынат. Башкача жол менен муну токтотуу мүмкүн эмес. Жүк тарткан кемелерде куралдуу күзөтчүлөр бар, бирок алар бул чараларга бара албайт. Аскерий кемелер Аден булуңунда али калып жатканы тактикалык жактан абдан маанилүү.

Сомалиден көп алыс эмес Аден булуңунда деңиз каракчылыгы эң күчөгөн учур 2010-жылга туура келип, анда кол салуулардын саны дүйнө боюнча 445ке жеткен эле.

Мындан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши Аден булуңунда эл аралык көзөмөл орнотуу чечимин кабыл алып, аймакка ар кайсы өлкөлөрдүн аскерий кемелери жиберилген.

Былтыр Чыгыш Африкадагы Сомалинин сууларында каракчылык боюнча үч эле окуя катталды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG