Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Иран бийлигиндеги Фейсбук ышкыбоздору


Президенттик шайлоодо ирандык талапкерлер социалдык медианы колдонушту. 11-июнь, 2013-жыл
Президенттик шайлоодо ирандык талапкерлер социалдык медианы колдонушту. 11-июнь, 2013-жыл

Иранда расмий адамдар тарабынан социалдык медианы пайдаланууда серепчилердин көңүлүн бурган чоң окуя болду. Өлкөнүн жаңы тышкы иштер министри Жавад Зариф өзү жана үй-бүлөсү Фейсбукту такай колдонорун жана анда баракчалары бар экенин ырастады.

Иран бийликтери Фейсбукту “сионисттердин куралы” деп каралап, тыкыр цензуралайт. Ошондуктан, жарандар актуалдуу жана популярдуу социалдык түйүндөрдү пайдалануу үчүн түрдүү айла-амалдарды жасашат.

Ирандык тышкы иштер министри Жавад Зарифтин 14-августта Фейсбукта өз бети бар экенин жана бала-чакалары социалдык медианын ышкыбоздору экенин ачык айтканы - өлкөдөгү интернет колдонуучулар үчүн жакшы жышаан. Бул өкмөт мүчөсүнүн эмнеге кызыкканын, социалдык түйүндө козголгон проблемаларга карата пикирин билгенге, алар боюнча өз оюн интернет пайдалануучулар менен тең бөлүшкөнгө мүмкүндүк берет.

Жавад Зариф парламентте. 12-август, 2013-жыл
Жавад Зариф парламентте. 12-август, 2013-жыл

“Азаттыктын” серепчиси Гүлназ Исфандиярдын жазганына караганда, Фейсбукта Зариф мырзанын 65 миңден ашуун окурман - досу бар. Ал өз бетинде “Кээ бирөөңөр сурагандан улам, бул бетти балдарым менен жаңыладык” деп жазган соң ага дагы 5 000ден ашуун “дос” кошулду.

Интернетти такай колдонгон ирандык медиа-активист Вахиддин жазышынча, тышкы иштер министринин береги кадамы көпчүлүк интернетчилерди таң калтырган. Анткени, “Фейсбукта Ирандын руханий адыйы Аятолла Али Хаменейинин өз баракчасы болгонуна карабай, анын кеңсеси муну эч качан ачык шарданалаган эмес”,-дейт Вахид.

Махмуд Инаят Британияда жайгашкан Майда медиалар корун (Small Media Foundation) жетектейт. Анын оюнча, Жавад Зарифтин Фейсбукта өз баракчасы бар экенин коомчулукка жарыя кылганы Иран жетекчилиги социалдык медианын күчүн жана таасирин тааныганын жышааналайт:

- Өлкөнүнүн жогорку жетекчилери Фейсбук (Facebook), Твиттер (Twitter), Истаграм ( Instagram), Тумблер (Tumbler) жана башка сайттарды колдонуп жаткан чакта, эч ким Зарифке каршы чыкпайт жана андан “эмнеге Фейсбукта катталгансың?” деп сурабайт. Экинчи маселе: социалдык медианы чанып болбойт жана расмий адамдар тарабынан Батыштын куралы деп четке кагылбашы жана алар “биз андан алыспыз” деп айтпашы керек. Президенттик шайлоо кезде көпчүлүк талапкерлер социалдык медианы пайдаланып жатканын көрбөдүкпү.

Тоталитардык жана авторитардык бийлик өкүм сүргөн өлкөлөрдө социалдык түйүндөрдөн жана интернет булактарынан кооптонуу, аларды көзөмөлдөө Тунис, Египеттеги чейрек кылымдан узак убакыттан бери бийликти темир чеңгелинде кармап, былк этпей отурган диктаторлорду ээрден оодарган 2011-жылкы “Араб жазынан” кийин күчөгөн.

Хасан Роухани, 15-август, 2013-жыл
Хасан Роухани, 15-август, 2013-жыл
Иран бийликтери социалдык түйүндөрдү колдонуу кылмыш эмес экенин тастыктап айткан. Бирок, мамлекет электен цензуралап өткөрбөгөн соцмедианы пайдалануу сотто кылмыш катары каралышы этимал.

Айрым мартабалуу жетекчилер, өкмөт жетегиндеги телеканаладар социалдык медианы Ирандын душмандарынын жана чет элдик чалгындоо кызматтарынын “сионисттик куралынын” платформасы деп каралап жүрөт. Ага карабай, Аятолла Али Хаменейи жана башка бир топ жогорку расмий адамдардын Фейсбукта жана Твиттерде баракчалары бар. Алар лекин социалдык медианы колдонгонун ачыктаган эмес.

Ал эми быйылкы президенттик шайлоо маалында бардык барандуу талапкерлер Твиттерге жазып, Фейсбукту үзбөй пайдаланып, Истаграмага сүрөт коюп жатышкан.

Медиа активисттер эми Жавад Зарифтин демилесин башка да мартабалуу чиновниктер колдойт деген үмүттө.

Быйыл июнда Хасан Роухани президент шайлангандан бери Ирандын массмедиасында интернетти цензуралоо жеңилдейт деген кеп-сөздөр көбөйдү. Себеби, шайлоо өнөктүгү кезде Роухани интернетти цензуралоону эл менен бийлик арасындагы ажырымды кеңейтүүдө деп сындаган болчу.
XS
SM
MD
LG