"Манас" аэропортунун жанына чогулган "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тараперлерин жана чагылдыруу үчүн барган журналисттерди милиция кармап жатат. Бул тууралуу " Азаттыктын" кабарчысы билдирди. Кармалгандар арасында депутат Каныбек Иманалиев да бар. Депутат милиция мыйзамды бузуп, аларды күч колдонуу менен орой түрдө кармаганын айтты. Учурда алар милициянын атайын автобусунда кармалууда.