Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Ливия аскер күчтөрү Сирттеги портту бошотту


Сирт шаарындагы "Ислам мамлекети" тобунун желдеттери. Ливия. 18-февраль, 2015-жыл
Сирт шаарындагы "Ислам мамлекети" тобунун желдеттери. Ливия. 18-февраль, 2015-жыл

Ливиянын аскер күчтөрү өлкө түндүгүндөгү Сирт шаарынын портун “Ислам мамлекети” террорчул тобунун согушкерлеринен бошотту. Операциямаалында эки аскер набыт болуп, сегизи жараат алды.

Сирт – Ливиянын бийликтен кулатылган башчысы Муаммар Каддафинин шаары. Сирия жана Ирактан тышкары жактагы “Ислам мамлекетинин” таяныч пункту катары айтылып келет.

“Ислам мамлекети” тобу Сиртти бир жыл мурун ээлеп алган.

Эки ай мурун БУУ, АКШ жана Евробиримдик колдогон Ливиянын улуттук биримдик өкмөтү түзүлгөн. Мындан соң шаарды бошотуу боюнча операция башталган.

XS
SM
MD
LG