Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Камалган оппозициячылардын соту уланат


Камактагы оппозиция.
Камактагы оппозиция.

Бүгүн бийликти басып алууга аракеттенген деген айып менен камалган оппозициячылардын соту уланат. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов бийликти күч менен басып алууга айыпталып быйыл майда УКМКга камалган. Алар 26-сентябрга абактан элге, өкмөттүк, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга кайрылуу жолдоп, бийлик мыйзам бузууларга жол берип жатканын жана өздөрүн саясий жүйө менен камап салганын билдиришкен. Сотту ачык өткөрүүнү талап кылышкан.

УКМК тергөө материалдарына эмнеге "жашыруун" деген белги коюлганы тууралуу комментарий бере элек. Ал эми судья буга чейин өтүнүчтөрдүн четке кагылышын соттолуучулардын мамлекеттик оор кылмышка айыпталышы менен байланыштырган. (NT)

XS
SM
MD
LG