Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Жер астындагы байлыкты изилдеген адис тартыш


Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Археология - тарых илиминин өзгөчө маанилүү бөлүгү. Бирок адистер Кыргызстан эгемендик алгандан бери археологиялык изилдөөлөргө акча бөлүнбөй, бул кесипке болгон кызыгуу да жоголо баштаганын айтууда. Өлкөдө учурда болгону онго жакын гана археолог бар. Жыл сайын алардын ашып кетсе жарымына гана лицензия берилет.

Археология илиминин абалы, бузулуп кеткен жана жок болуу коркунучунда турган эстеликтер тууралуу кеп кылабыз.

"Байыркы доорго таандык карапа таап алдык"

Макала жазылып жатканда Жети-Өгүз райондук Кален Жетимишбаев атындагы тарых таануу музейинин директору Мурат Жетимишбаев Ысык-Көл жергесинен байыркы доорлорго таандык карапа табылганын, аны музейге жергиликтүү тургундар алып келгенин билдирди.

Оргочор айылындагы музейге тапшырылган бул карапанын бийиктиги - 42 см, туурасы - 51 см, моюну - 15 см, оозу - 8см.

Байыркы доорлорго таандык карапа.
Байыркы доорлорго таандык карапа.
Байыркы доорлорго таандык экинчи карапа.
Байыркы доорлорго таандык экинчи карапа.
Бул эки карапа Кален Жетимишбаев атындагы Жети-Өгүз райондук тарых-таануу музейинде турат.
Бул эки карапа Кален Жетимишбаев атындагы Жети-Өгүз райондук тарых-таануу музейинде турат.

Ушул эле күнү музейге жергиликтүү тургун дагы бир карапа таап келген. Анын бийиктиги 33 см түзсө, айланасы 66 см.

Жетимишбаевдин айтымында, карапа табылган жерден эски сөөктөр да чыккан. Тургундар сөөктөрдү куран окуп ырым кылып, кайра көмгөн. Бирок карапа кайсы аймактан табылганын, аны кимдер алып келгенин музей жетекчиси сыр кылууда.

Анткени ал жайды башка кызыкчылыгы бар адамдар казышы мүмкүн деп чочулайт. Учурда Жетимишбаев тарыхчы, археологдордон жаңы табылга тууралуу кандай кызыктуу маалыматтар чыгат деп чыдамсыздык менен пикир күтүүдө.

Мурат Жетимишбаев.
Мурат Жетимишбаев.

“Мүрзөбү же кандай жер экенин билбейм, айтор карапа эски сөөктөр менен бирге чыгыптыр. Аны мага алып келишкенде археолог Кубат Табалдыев менен байланыштым. Ал муну ферганалык керамика, уникалдуу табылга экенин айтты. Көлдө кандайча болуп калганы кызык. Ал киши табылган карапаны Фергана менен Ысык-Көлдүн байланышы болгонуна айкын далил дейт. Мурун да биздин аймактан орус археологдору ушундай карапа таап алышып, таң калышкан экен. Эми бул экинчи табылга болуп турат. Табалдыев кийинки айда атайын келгени турат, күтүп жатабыз”, - деди Мурат Жетимишбаев.

“Археологияга бир тыйын да бөлүнбөйт"

Жогорудагы окуяны жөн жерден келтирген жокпуз. Археологиялык табылгалар Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан көп эле табылат. Бирок ага илимий изилдөө жүргүзө турган археологдорду беш манжа менен санаса болот дейт белгилүү археолог Кубат Табалдыев.

Бул көйгөй эгемендик жылдарынын башында эле башталган. Анткени бул учурда атайын археологдорду даярдоо үчүн пландуу иштер жүргүзүлгөн эмес.

Табалдыевдин айтымында, эгемендиктин алгачкы жылдарында "Ош-3000", "Манас-1000", "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл" өңдүү чоң каражатты талап кылган мааракелер өткөрүлгөн учурда эстеликтерди сактоо жана кыргыз археологдорун даярдоо маселеси көмүскөдө калган.

Кубат Табалдыев.
Кубат Табалдыев.

Кубат Табалдыев Новосибирск шаарындагы Орусия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунда аспирантурада окуп, орус археологу жана тарыхчысы Юлий Сергеевич Худяковдун жетекчилиги астында илимий ишин жактаган.

Кыргызстандагы илимге кызыккан беш шакиртинин да аталган институттан жана Новосибирск мамлекеттик университетинен археология багытында билим алуусуна себеп болгон. Бирок Кыргызстанда археологиялык казууларды жүргүзүү үчүн бюджеттен акча бөлүнбөгөндүктөн бул кесип ээлери казуу жумушу менен жан бага албайт дейт ал.

“Менин шакирттерим дагы өздөрүнүн артынан жаш адистерди тарбиялап келе жатат. Бирок биз кадрларды даярдаган менен аларды өз кесибине байланыштуу ишке орноштуруу маселеси оор. Азыр аларга ылайыктуу жумуш да жок. Себеби музейлерде, эстеликтерди коргоо иштеринде археолог адистиги жок. Кызмат табылган күндө деле алар 15 миң сом маяна менен үй-бүлөсүн бага албайт. Ошондуктан бул комплекстүү чече турган маселе. Эки-үч жылдан бери археологиялык экспедицияларды каржылайбыз деп мамлекет жетекчилери аракет кылып жатат. Бирок Кыргызстандын археологиясы үчүн бир тыйын да бөлүнө элек. Дүйнөдө археологиялык изилдөөгө акча бөлбөгөн жалгыз биздин өлкө. Мына ушул – трагедия. Эгер мамлекетибиз археологиялык изилдөөлөргө каражат бөлгөндө, өлкөбүз ачык асман алдындагы музейге айланмак. Антпесе кийинки кезде тарыхый эстеликтер талкаланып, уурдалып, чет жакка сатылып да жатат”.

Табалдыевдин азыркы учурда илимде жүргөн шакирттери - Орозбек Солтобаев КУУда доцент, Темирлан Чаргынов профессор, Аида Абдыканова Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти, Айдай Сулайманова Улуттук илимдер академиясында иштейт, ал эми кенже шакирти Салтанат Алишер кызы Орусиядан илимин жаңы жактап келди.

Улуу муундан – Кадича Ташбаева, Бакыт Аманбаева археология илимине зор салым кошкон окумуштуулар.

Биз Кубат Табалдыев менен байланышканыбызда учурда казуу иштери менен Токтогул районунда жүргөн экен. Ошондуктан ар кайсыл жерден табылган байыркы буюм-тайымдарды дароо барып көрүүгө кол жетпейт. Окумуштуу Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө бузулуп калуу коркунучунда турган эстеликтерди изилдөө иштери менен жүргөнүн айтты.

“Кечээ Ысык-Көлдө табылган чопо идиш болжол менен хунну дооруна таандык болсо керек деп турам. Алдыда изилдесек, анан мезгилин так аныктай алабыз. Негизи сырты абдан жакшы жылмаланган. Буга окшош чопо идиштер Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан да табылган. Демек, бул табылга биздин тарыхка көп түзөтүүлөрдү киргизет. Себеби археологиялык табылгалар өлкөбүздүн түндүк аймагы менен түштүк аймагынын ортосунда коло доорунан бери эле тыгыз байланыш болгонун аныктап келе жатат. Бул кепти мен биринчи айткан жокмун. 1980-жылдары орус археологу Владимир Мокрынин Түп районундагы Сары-Булуң аймагынан чопо идиштердин калдыктарын таап, аларды Ош облусундагы чуст маданиятынын мезгилдерине мүнөздүү экенин аныктаган”.

"Аймактарда бир дагы археолог жок"

Ысык-Көл. Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылга. 2013-ж. (Сүрөттөр тарыхчы Кубатбек Табалдиевден алынды).
Ысык-Көл. Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылга. 2013-ж. (Сүрөттөр тарыхчы Кубатбек Табалдиевден алынды).

Учурда тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча атайын мамлекеттик уюм жок. Совет доорундагы тарыхый эстеликтерди коргоо коому да өлкө эгемендик алганда жоюлуп кеткен. Археологдун айтымында, азыр Маданият министрлигинде эки-үч адис бар, бирок алар кагаз жүзүндөгү иштерди гана аткарат.

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу мыйзамына ылайык жер статусун аныктаган сөзсүз түрдө адистин корутундусу керек. Ал жерде тарыхый эстеликтер бар же жок деген корутундуну лицензиясы бар археолог гана бере алат. Мыйзам талабы боюнча корутунду жок жерлер трансформация болбойт.

"Сулайман-Тоо" музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулла Убайдуллаев өзү саналуу археологдор болуп, анан анын баары борбордо иштеп жүргөндүктөн аймактарда бул адистердин жоктугу бир топ көйгөй жаратууда дейт.

Хайрулла Убайдуллаев.
Хайрулла Убайдуллаев.

“Кыргызстандын түштүк аймагында жерлерди трансформация кылганга археологдор жетишсиз. Мындан сырткары, аймактардан көп эстеликтер табылууда. Анан адистердин жетишсиздигинен археологиялык эстеликтер билбестиктен бузулуп жатат. Анан музейлердин казынасында да көптөгөн археологиялык табылгалар бар, алар толук кандуу изилденбей турат. Мен Ошто лицензиясы бар археолог бар экенин билбейт экем. Аларды борбордон алып келип иштетип жүрүшөт”.

Археологдордун таңкыстыгы боюнча маселе 12-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында да көтөрүлдү.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов археологдорду даярдоодо көйгөй бар экенин айтты.

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

“Бул азыр бизде эң көйгөйлүү маселе болуп турат. Негизи бизде 15тей эле археолог калган. Жыл сайын анын беш же сегизине гана лицензия берилет. Анткени эгемендик жылдардан бери тарыхый мурастарды изилдөө жаатында иш алып барылбагандыктан бул кесип өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, ага эч ким тапшырбай калган. Археология адистери башка кесиптерге ооп кеткен. Бул маселени чечүү жаатында азыр иштерди жүргүзүп жатабыз. Жакында эле Кытайдын Сиань шаарында Азия мамлекеттеринин маданият министрлеринин жыйыны болду, анан ошол жерде тарыхый мурастарды коргоо боюнча альянс түзүлдү. Кытай мамлекети тарыхый мурастарды калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу иштегендиктен, ал жакта биздин кадрларды окутуу, өзүбүздүн окуу жайларда да археология жаатында бөлүмдөрдү ачууну кеңештик. Эми бизде бул кесип актуалдуу боло баштаса, кызыккандар көбөйөт деген ойдомун”, - деп жооп берген маданият министри Алтынбек Максүтов.

Кыргызстанда археология боюнча адистерди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети гана даярдайт. Окуу жайдын “Азаттыкка” берген маалыматында, быйыл биринчи курсту аяктаган 25, экинчи курсту аяктаган 25 студент бул жаатта билим алууда. Ал эми жыл сайын магистратурага бештен студент кабыл алынат. Бул адистикке ээ болгондордун дээрлик көпчүлүгү кесиби менен иштебейт.

Вандализм: талкаланып жаткан тарыхый эстеликтер

Кыргызстандык археологдор өлкө аймагында миңдеген тарыхый эстеликтер талкаланып жана жок болуу коркунучунда турганын айтып келет.

Маселен, мындан үч жыл мурда Алайдын Мурдаш айлында кен чыккан жерге жол салуу учурунда петроглифтерге зыян келген. Ал коомчулукка ачыкка чыгып, сын-пикирлер айтылгандан кийин жол салуу токтотулган.

Мындай мисалдарды өлкөнүн бардык аймактарынан табууга болот. Өткөн жылы Ысык-Көлдүн Сары-Камыш, Чолпон-Ата аймактарындагы петроглифтер табылган жерлерге калктуу конуштар түшүп, сарайлар курулуп жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Баткен шаарынын жанындагы саймалуу таштарды да ташып кеткен фактылар бар. Тарыхчылар коңгуроо каккандан кийин гана ал жер курчоого алынып, корголгон.

Ысык-Көлдөгү б.з.ч. II миң жылдыктан б.з. ч. I жылдыктарына таандык ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтер.
Ысык-Көлдөгү б.з.ч. II миң жылдыктан б.з. ч. I жылдыктарына таандык ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтер.

Тарыхчылардын маалыматна таянсак, эгемендик жылдардан кийин археологиялык эстеликтер турган жерлер эске алынбай жеке менчикке берилип кетип, жүз миңдеген эстеликтер түздөлүп кеткен. Адистер мындай мамиле менен ачык асман алдындагы тарыхый эстеликтерди жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтууда.

"Дүйнөдө бир гана Кыргызстанда археологиялык эстеликтердин паспортун түзүп, жылына жеринде каттап туруучу орган жок. Совет бийлигинин маалында ушундай чечим болгон. Мен дагы катышып калдым, 1987-жылдарга чейин жүргүзүлүп, аягына чыкпай калды. Ошол бойдон уланган жок", - деди Кубат Табалдыев.

Анын белгилешинче, мурас коргоо боюнча тарбия, билим азыраак болгондуктан бардык инстанцияларда ушул маселеге кайдыгер мамиле бар. Ошол эле маалда жергиликтүү элдин арасында деле мындай эстеликтердин маани-маңызына жеткендер аз. Кыргызстандын аймагында жалпысынан тарыхый мааниге ээ жүздөгөн археологиялык жана архитектуралык эстеликтер жайгашкан. Али тактала элек, белгисиз аймактар да бар. Жай тургундар үйүндө жер иштери менен алек болуп жатып, байыркы замандарга тиешелүү кумураларды, карапаларды таап алган учурлар көп эле кездешет.

Мындан эки ай мурун эле Бишкектин четиндеги Новопокровка айылынын тургуну Виктор Сильчик өз үйүнүн короосуна саркынды суу үчүн ороо казып жатып, бийиктиги эки метрге чукул чоподон жасалган карапа таап алган. Ага баам салууга “Азаттыктын” кабарчысы менен бирге барган археолог Кубат Табалдыев карапа VIII-XI кылымга таандык экенин божомолдогон. Көп өтпөй айыл тургунунун бул табылгасы атайын каттоого алынып, кыргыз-түрк “Манас” университетитинин археологиялык лабораториясына коюлганы маалым болгон.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG