Борбор калаада 7-июндан бери IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүп жатат. Анын алкагында Борбор Азия жана чет элдик режиссерлор тарткан тасмалардын сынагы өтөт. Бул жылкы фестивалдын кадырлуу коногу француз актрисасы Одри Тоту болду.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан Алымкул Асан уулу (1831–1865) тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен талкуулайбыз.
Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын идеясынын негизинде "Кассандра" аттуу хоррор тасма тартылды. Фильмдин режиссеру Бекзат Пирматов. Анын буга чейин тарткан "Аврора" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарды жеңип алган.
Бишкекте Жогорку адабий курстун алгачкы бүтүрүүчүлөрү 3-4-июнда дипломдук иши катары жазган чыгармаларын жакташты. Алар курста эки жылдай окуп, бул аралыкта адабият тууралуу кенен түшүнүк алып, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүшкөн.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан Алымкул аскер башы - Алымкул Асан уулу тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен маек курабыз.
Интернет айдыңында Агартуу министрлигинин ишин сындап, министрди кызматтан алуу талабын койгон петиция тууралуу маалыматтар пайда болду. Буга байланыштуу министр Догдургүл Кендирбаева “Азаттыкка” маек куруп, мындай аракеттерди тыштан бут тосуу аракеттери катары кабылдап жатканын билдирди.
“75чилердин каты” боюнча сотко бүгүн атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. АКШ Ирандын түштүгүндөгү Бендес-Аббас аэропортуна жакын жерге сокку урду. Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүндөгү кайык жарышына байланыштуу талаш уланууда.
Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн "ОЙМО-2026" фестивалы өтүп жатат.
Бишкекте акын Максат Жангазиевдин "Бакыттан кат" аттуу поэзия кечеси өттү. Анда балалык, мекен, ата-эне, сүйүү тууралуу саптары окулду. Адабият жаатында жүргөндөр анын ырлары тереңдиги жана чындыкты айтканы менен өзгөчө экенин белгилешет. 25-майдагы кечеге ар кыл курактагы ыр күйөрмандары катышты.
Бишкекте Үркүндүн 110 жылдыгына арналган китеп жарык көрдү. "Эсимде" платформасынын бул эмгегинде бир кылымдан ашуун мурда болгон кандуу окуянын ар кандай тармакта чагылдырылганы талданган.
“75чилердин каты” иши боюнча айыпталгандардын адвокаттары шаардык сотко даттанды. Израилдин улуттук коопсуздук министринин жоругу сынга кабылды. Орусиядан Кыргызстанга келип иштеген мугалимдер тууралуу да "Бүгүн Азаттыкта" берүүсүндө айтып беребиз.
Дагы жүктөңүз