Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумдар мындан ары ачык өтөрү белгилүү болду. Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары сотко мындай өтүнүчтү бир канча жолу келтирген. 11-июндагы отурумда судья өтүнүчтү канааттандырды.
"75чилердин каты" боюнча айыпталып жаткан адамдардын жактоочулары сотту ачык өткөрүү өтүнүчү менен улам-улам кайрылып жатышкан, алардын кайрылуусун сот 11-июндагы отурумда канааттандырды.
Эми мындан ары сот отурумдары ачык өтүп, бул ишке кызыккан тараптар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирип катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт, жараянды видеого тартуу маселеси соттун чечими менен аныкталат.
Буга чейин ишке Ички иштер министрлиги (ИИМ) “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келаткан.
Адвокат Чынара Жакупбекова иштин жашыруун каралып келген себебин мындай деп түшүндүрдү:
"Мен бүгүн өтүнүч келтирдим сотту ачык өткөргүлө деп. Судья өтүнүчтү канааттандырды. Кийинки отурумдардан баштап журналисттер баары жараянга катыша берсе болот. Бул өтүнүчтү башкалар да колдоп жатышат. Иштин жабык каралышына үч күбөнүн жашыруун көрсөтмө берери негиз болгон. Биз анда ошол үч күбө келип көрсөтмө берген учурда ишти жабык карап, калган күбөлөр келген учурда ачык өткөрөлү деп сунуштадык".
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин катына” байланыштуу иш 18-майда карала баштаган. Ошондон бери териштирүү жабык өтүп, кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар да ачык пикир билдирбей келишкен.
Сот мекемеси 11-июнда расмий маалымат таратып, буга чейин сот жабык өтүп келген себебин "өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондугуна байланыштуу көрсөтмөлөрү депонирленген күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле тергөөнүн сырын жана кылмыш ишинин жагдайларын ачыкка чыгарбоо максаты" менен түшүндүрдү.
Жактоочу тараптан соттук териштирүүнү ачык өткөрүү жөнүндө өтүнүч келтирилгени, сот аны канааттандырганы, ошого байланыштуу териштирүү мындан ары ачык соттук отурумда жүргүзүлөрү маалымдалды.
"Ошону менен бирге соттук териштирүүнүн мындан ары ачык соттук отурумда жүргүзүлүшү күбөлөргө карата мурда кабыл алынган коопсуздук чараларын жокко чыгарбайт. Аталган күбөлөр мындан ары да Кыргыз Республикасынын «Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте мамлекеттик коргоого, тактап айтканда, алардын коопсуздугун камсыз кылууга, алар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого, ошондой эле алардын инсандыгын ачык аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды жарыялабоого багытталган чаралар колдонулат", - деп кошумчалады сот мекемесинин басма сөз кызматы.
Коомдун көңүл борборунда турган бул кылмыш иши жабык каралып жаткандыктан ар түрдүү күмөн ойлор айтыла баштаган.
Мурунку депутат Курманкул Зулушевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев бул иште кылмыштын курамы жок деп эсептейт. Муну коомчулук да билиши керек дейт ал:
"Бул убакка чейинки отурумдардын баары эле мыйзамдуу өтүп келди. Болгону биздин суранганыбыз - бул ишти журналисттер, коомчулук билиши керек деп келдик. Чынын айтканда, кылмыштын курамы жоктугу ишти изилдеп карап жатканда байкалат. Эч кимдин кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок болуп туруп айыптоо актысы угузулуп жатпайбы".
Учурда сотто күбөлөр сурала баштады. Күбө катары бүгүнкү отурумга сурак берүү үчүн мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу да сотто көрсөтмө берген.
Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу кайрылууга кол койгондордун арасында алардын да аты-жөнү бар.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылып, алар камакта жатат.
Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.