Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев 70 жашка чыкмак


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги тарых музейинде белгилүү кино чебери, режиссер Төлөмүш Океевдин 70 жылдыгына карата анын чыгармачылыгын чагылдырган көргөзмө ачылды. Төлөмүш Океев атындагы фонддун жетекчиси Азиза Окееванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, кыргыз киносунун өнүгүүсүнө зор салым кошкон режиссердун мааракесине байланыштуу иш-чаралар анын туулган жеринен башталган. Төлөмүш Океев менен чогуу иштешкен кесиптештери, Советтик кинонун чеберлери Хаджа Кулинарлиев, Булат Мансуров, жана Давлат Худоназаров анын туулган жеринде болуп келишти. Ошондой эле атайын кинорежиссердун мааракесинин урматына Булат Мансуров жаңы тартылган «Чыңгызхан» көркөм тасмасын алып келген эле. 10-сентябрь күнү аталган тасманын бетачары «Октябрь» кинотеатрында өттү. Белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев мындан үч жыл мурда дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG