Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Июнда дарыгерди өлтүргөнгө жогорку жаза берилди


Кара-Суу райондук соту июнь калабасында Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Касымбек Жусупакматовду өлтүргөн деп айыпталган Октамжан Сулаймановду мүлкүн конфискациялоо менен өмүрү аягына чейин абакка салууга өкүм чыгарды.

Сот ошондой эле анын эсебинен маркумдун жакындарына жарым миллион сом бөлүп берүү чечимин кабыл алды. 44 жаштагы мурда соттолуп көрбөгөн Октамжан Сулайманов сотто күнөөсүн мойнуна алды. Дарыгердин кесиптеши Дастан Жолболдиева Жусупакматов тууралуу буларды эскерди:

- 40ка чыгып калган, үч баласы бар эле. Аялы дарыгер, бизде иштейт, боюнда калды. Колу жеңил врач эле, билимдүү, орус мектепти бүткөн, дайым ар түрдүү жыйындарга катышып турган.

Жусупакматовду 16-июнда белгисиз бирөөлөр күч менен алып кетишкен, сөөгү жарым айдан кийин Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагында табылган. Сөөгүн ага тиш салган доктур тишинен тааныган. (JCH)

XS
SM
MD
LG