Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Базар-Коргондо мугалимдер нааразычылык акциясын улантышты


Мугалимдердин бири Калил Карабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн райондук акимчиликтин алдына жүзгө чукул мугалим чыкты. Ушул тапта алар райондук билим берүү бөлүмүнө кетишти. Ал жерде 10 килограммдан күрүч берилип жатканы айтылган.

6-декабрда райондук акимчиликте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда мугалимдерге 10 кг күрүч, бир кап ун, 5 кг кумшекер жана 5 литрден суу май берилери убадаланган. Бүгүнкү акцияга чыккандар айтылган жардам толук берилбей жатканына нааразы болууда.

Базар-Коргон районунун мугалимдери 1-декабрдан бери айлык акыны 10 миң сомго чейин көтөрүү, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылып, мөөнөтсүз нааразычылык акциясын өткөрүп келүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG