Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Ү.Сыдыков, И.Масалиевдин соту 17-декабрда уланат


Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев менен президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Үсөн Сыдыковдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча бүгүн өткөн соттук териштирүүдө процедуралык маселелер каралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын жактоочусу Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтымында, адвокаттардын кийинки соттук отурумга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын губернаторлорун күбө катары чакыруу суранычын сот канааттандырды. 17-декабрда боло турган соттук териштирүү күбөлөрдүн көрсөтмө берүүлөрү менен уланмакчы.

Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге "массалык башаламандыктарды уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон. “12-13-май күндөрү бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыпталып аткандардын иши өткөн айда тергелип бүтүп, сотко өткөн. Исхак Масалиев жана Үсөн Сыдыков өздөрүнө коюлган айыптар менен макул эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG