Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Нарында митингге чыккандар бийликке бир нече талап коюшту


Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтына митингге чыккан 200гө чукул адам президент Роза Отунабевага бир нече талаптарын жолдошту. "Демократия жана жараныдк коом үчүн" коалициясынын Нарындагы өкүлү Эркин Асаналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, нарындыктар электр энергиясынын кымбаттыгы мурдагы эле тарифте калып жатканына нааразы болууда. “Арзандатабыз деген убада аткарылган жок. Нааразы болгондор жарыктын мезгилсиз өчүрүлүүсү токтотууну, тоолуу аймактар үчүн киргизилген мурдагы жеңилдиктер кайтарылып берилишин талап кылууда”, - дейт Э.Асаналиев.

Нарындыктардын бийликке жолдогон талабында "Кумтөрдөн" келген 7 миллион сом, «Жүрөгүм менин тоолордо» марафонунан чогулган 3 миллион сом элге кайтарылсын. Тиешелүү адамдар жоопко тартылсын! Кум-Бел, Аксай, Арпа, Жетим-Тоолор чет элдиктерге берилбесин жана эч качан сатылбасын! Мугалимдердин айлык-акылары жогорулатылсын. Бийик тоо коэффициенти сакталсын! Мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралсын! Кыргызстандын ички иштер министрине жазылып, 38 млн 280 миң сомдук контрабандалык кылмыш иши боюнча 500 (беш жүз) киши кол койгон кайрылууга ички иштер министри З.Рысалиев эл алдына келип тезинен жооп берсин!” деп жазылат. Талаптар аткарылбаса эртең митинг уланаары айтылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG