Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

Башкы прокуратура өтүнүч менен Казакстанга кайрылды


Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Алдаяр Исманкуловду өткөрүп берүү өтүнүчү анын 2006-жылы мыйзамсыз курал алып жүргөн деп козголгон кылмыш ишинин кайра жандандырылуусуна байланыштуу болду. Ал эми өткөн жылы Алматы шаарында каза тапкан журналист Геннадий Павлюктун өлтүргөн деген шектелип жатканы үчүн Алдаяр Исманкулов Казакстандын соту тарабынан соттолуп, ошол жакта жазасын өтөйт. Өлгөн адам да жана аны өлтүргөн деп шектелген адам да Кыргызстандын жараны болсо да, кылмыш кайсы жерде жасалган болсо, аны жазага тартуу ошол жакта жүргүзүлөт дейт Тилек Мурзакулов.

Аз күн мурун Казакстандын Башкы прокуратурасынан өткөн жылы 16-декабрда Алматыда кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөн деген шек менен кыргызстандык жаран Алдаяр Исманкулов кармалганы тууралуу маалымат келгендигин Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” тастыкташты. Маалымат катчысынын айтуусунда Алматы шаарындагы Алматы райондук соту тарабынан 1-декабрь күнү Алдаяр Исманкуловду камакка алууга санкция берилген.

Ал эми Казакстандын Ички иштер министрлиги кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө шектүү эки киши кармалганын 7-октябрда маалымдаган.

Кыргызстандык журналист, Ибрагим Рустамбек деген псевдоним менен белгилүү болгон Геннадий Павлюкту өткөн жылы 16-декабрда Алматы шаарында белгисиз бирөөлөр колу-бутун таңып туруп, 6-кабаттан ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада өзүнө келе албай жатып каза болгон. Казак милициясы бул окуяга Кыргызстандын коопсуздук кызматынын тиешеси болушу ыктымалдыгын кыйыткан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG