Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Апрель окуялары боюнча сот ишин жаңы судья карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, 15-декабрда Аскер сотунда апрель окуяларына байланыштуу Башкы прокуратуранын арызы каралган. Анын жүрүшүндө жабырлануучулардын апрель окуялары боюнча сот ишин караган Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөө тууралуу маселеси да чечилип, соттук териштирүүлөр жаңы судьянын төрагалыгында өтө турган болду. Азырынча жаңы судьянын ким болоору жана соттук териштирүү качан уланаары такталып жатат.

Апрель окуясы боюнча 29-ноябрда уланган соттук териштирүүдө судья Жакыпбек Бектемиров эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев башында турган мурдагы алты аткаминердин иши өзүнчө бөлүнүп, кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Жабырлануучу тарап жана алардын жактоочулары буга нааразы болуп, сотко ишенбестик көрсөтүшкөн. Судьянын бул чечимин жокко чыгаруу боюнча Башкы прокуратура Аскер сотуна арыз менен кайрылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG