Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Карыздын айынан Өзбекстандан Ошко келген газдын көлөмү азайды


Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабировдун маалымдашынча, азыр Өзбекстандан суткасына 90 миң куб метр газдын ордуна 72 миң куб метр гана газ келүүдө. Ушундан улам суук кычаган учурларда айрым кичи райондордо көгүлтүр отундун басымы төмөндөп жатат. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын Өзбекстанга газ үчүн 950 миң доллардай бересеси бар. "Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Нурлан Жайлидинов “Азаттыкка” газ боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр ушул же келерки аптада башталышы ыктымал экенин билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстан газды 240 доллардан алса, жаңы сүйлөшүү учурунда анын баасын 140 долларга түшүрүүгө аракет кылынат. (EBM)

XS
SM
MD
LG