Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапары менен барышы мүмкүн


Жаңы дайындалган премьер-министр Алмазбек Атамбев биринчи иш сапарын Орусияга жасаары кабарланууда. Маалыматка ылайык, А.Атамбаев Москвада өкмөт башчы Владимир Путин жана Кремлдеги башка жогору даражадагы чиновниктер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландоодо. КСДП фракциясынын өкүлү Фарид Ниязов учурда А.Атамбаевдин иш сапарынын мөөнөтү такталып жаткандыгын билдирүүдө. Өкмөттүн басма сөз кызматы азырынча Москва буга жооп бере электигин “Азаттыкка” кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG