Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Мугалимдердин айлыгы 1-майдан тарта көтөрүлөт


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн өкмөттүн биринчи кеңейтилген жыйынында мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданий кызматкерлердин маянасы 1-майдан тарта кеминде 2,5-3 эсеге жогорулай турганын билдирди. А. Атамбаев айлык акыны жогорулатуу үчүн 10 миллиард сом ички булактардан табылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айлык маселелерин толук чечүү үчүн эми дагы ушунча суммадагы каражат керек.

Былтыр жыл аягында өлкө мугалимдери маянаны жогорулатууну талап кылып жер-жерлерде нааразылык акцияларды уюштурган. Өкмөткө убакыт берип, эгер маяна көтөрүлбөсө жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен. Андан соң дарыгерлер да ушундай талаптарын билдирип чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG