Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

Аксы окуясы боюнча сот жабык өтүп жатат


Бишкек гарнизондук аскер сотунда башталган соттук териштирүүдө Аксы окуясы боюнча айыпталуучулар жана алардын жактоочулары сотту жабык өткөрүүнү өтүнүштү. Соттогу “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, ишти карап жаткан судья Алмаз Апышов бул өтүнүчтү канааттандырып, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн соттук жараяндан чыгарды. 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя боюнча соттук териштирүү өткөн жылдын апрель окуясынан кийин кайра козголгон. Бул иш боюнча Аксы окуясы учурунда Коопсуздук кеңешинин катчылыгын аткарып турган Болот Жанузаков, ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүп жатат. Аларга жарандарды мыйзамсыз кармоого алган жана кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган деген кинелер коюлууда.

2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG