Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Бишкекте “Андаш” кенин иштетүүгө каршы акция өттү


Өкмөт үйүнүн алдында Таластагы “Андаш” кенинин иштетүүгө каршы нааразылык акция өттү. Окуяга күбө богон кабарчыбыздын маалымдашынча, акцияга Таластын Көпүрө-Базар айылынан 300гө жакын тургуну катышты.

Буга чейин “Андаш Майнинг Компани” Таластагы “Андаш” алтын-жез кенин иштетүү экологияга зыян алып келбесин, атап айтканда, кен иштетүүдө уулуу зат - цианид колдонулбасын билдирген болучу. Анткени, "Андашта" таза алтын эмес, анын ортосундагы алтын-жез өндүрүлмөкчү жана андай текти алууда цианид талап кылынбайт. Ошондой эле компания кенде колдонулчу суулар сыртка агып чыкпасын, жоголгон жайыттардын акысы акчалай кайтарыларын, кен чыга турчу жерди кайра калыбына келтирүү долбоору бар экенин айтып келет.

“Андаш” кенине жакын айылдардын тургундары буга чейин да кенди иштетүүгө каршы чыккан эле. Аталган жерде 20 тоннадай алтын, 70 миң тоннадай жез бар. Совет доорунда бул кен өзүн-өзү актабайт деп иштетилген эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG