Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Жарандык коом Бишкек мэрин шайлоонун мыйзамсыздыгын белгилешүүдө


Ушул тапта мэрди шайлоого камынып жаткан Бишкек шаар кеңешинин алдына бир катар бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү келишти. Бирок аларды шаар кеңешинин отурумуна кое беришкен жок. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчи орун басары Гүлнара Айтбаева мэрди шайлоо Баш мыйзамга каршы, демократиянын жоболорунан четтеген түрдө өткөрүлүп жатат деген пикирин “Азаттыктын” кабарчысы менен бөлүштү. Анын айтымында, мыйзам боюнча президент борбор калаанын башчысын шайлоо тууралуу буйрук-жардык чыгарууга укуксуз, мэрди шаардыктар шайлоого тийиш. Жарандык коомдун айрым активисттери борбор калаанын башчысын шашылыш түрдө, көпчүлүккө белгисиз бойдон шайлап жиберүү – жакындап келе жаткан президенттик шайлоодо жеңишке жетишүүнү камсыздоо максатында болууда деген пикирлерин айтып жатышат.

2-февраль күнү мамлекет башчы Роза Отунбаева Бишкек шаар мэрин шайлоону 4-февралда өткөрүү тууралуу жардыкка кол койгон. Ага ылайык, мэрликке талапкерлерди көрсөтүү боюнча президенттин өкүлү болуп Р. Отунбаеванын администрация башчысы Эмил Каптагаев дайындалган.
Ал эми президенттик шайлоо 2011-жылдын күз айларында болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG