Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” тастыкташкандай, Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюмдун мүчөлөрү делип бешөө Өзгөн шаарынан, үчөө Кара-Суу районунун Шарк айылынан бүгүн, 7-февралда кармалды. Кармалган адамдардын үйлөрүнөн аталган уюмга тиешелүү ар кандай баракчалар, аудио-видео дисктер табылган. Учурда алар аталган райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда жана кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдады. (КЕ)