Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 22 жыл болду. Буга байланыштуу бүгүн Бишкекте Ооганчы аскерлерге коюлган эстеликтин алдында Ооган согушунан кайтпай калган жоокерлерди эскерүү болот. Митинг-реквием Кыргызстандагы Ооганчылар кеңеши тарабынан уюштурулууда. Эскерүүгө ооганчы-интернационал аскерлер, коргоо министринин 1-орун басары Таалайбек Өмүралиев катышмакчы.
Советтик аскерлер Ооган согушуна 1979-жылы тартылып, 1989-жылы 15-февралда чыгарылып кеткен. Бул согушка Кыргызстандан жети миңден ашуун аскер катышкан. Алардын эки жүз элүүсү каза болуп, алты жүздөйү ар кандай жарат менен кайткан.(ZKo)