Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Латвия Алексей Елисеевди Кыргызстанга кайтаруудан баш тартты


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Талант Конокбаев “Азаттыкка” кабарлады. Ага ылайык, Латвия бийлиги ушул жылдын 4-февралында Елисеевге качкын статусу берилген деген жүйөөнү айтып, аны кайтарып бербей тургандыгын билдирген. Мындан улам Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Елисеевлин качкын статусун кайра кароо өтүнүчүн Латвияга жөнөттү.

2010-жылдын июль айында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Латвияга Елисеевди берүү боюнча өтүнүчүн жөнөткөн. Мурдагы Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация фондунун жетекчисинин орун басары Алексей Елисеевге мамлекеттик кредитти максатсыз колдонуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу өңдүү айыптар тагылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG