Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Атамбаев: Кыргызстан Бажы союзуна кириши керек


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Чукул кырдаалдар министрлигине атайын техника берүү аземинде Кыргызстан Бажы союзуна кириши керектигин билдирди.

“Бажы союзуна кирүү иши жеңил болгондой жолду табабыз деп ойлойм. Эгер кемчилигин жана артыкчылыгын карай керсек, Бажы союзуна кирбей коюу, киргенге салыштырмалуу тескери натыйжа берет. Бажы союзуна кирүү кайсы бир мөөнөт ичинде кыйынчылык менен коштолот чыгаар. Бирок келечекте анын артыкчылыктары көп болот
”,-деди Атамбаев.

Премьер-министрдин сөзүнө ылайык, Бажы союзунун комитетине Кыргызстандын атынан атайын өкүл да бекитилди. Азыркы маалда союзга кирүү мөөнөтү так аныктала элек.

Бажы союзу 2010-жылы Орусия, Казакстан жана Беларус аймактарында күчүнө кирген. Бул союзга кирген өлкөлөрдүн аймактарында товарларга бажы төлөмдөрү алынбайт. Башка өлкөлөр менен товар жүгүртүүдө бирдиктүү баалар колдонулат. (KKs)

XS
SM
MD
LG