Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Акмат Бакиевдин соту 25-мартка жылды


Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин соту 25-мартта жылдырылды. Буга айрым күбөлөрдүн жана тараптардын соттук жараянга келбей калышы себеп болду. Соңку соттук териштирүүдө судья Акмат Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды канааттандырган эмес.

Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат. Бул ишти Жалал-Абад шаардык соту Бишкектеги Аскер сотунун имаратында карап жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG