Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллды түздү


Сейсмология институтунун Ыкчам маалым бөлүмүнүн кызматкери Зинура Шаршенбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандын түндүгүндө бүгүн саат 15:36да болгон жер титирөөнүн очогу Бишкектен түндүк-чыгышты көздөй 25 километр алыстыкта, Кант шаарынан түндүк тарапка 8 километр алыстыктагы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашып, ал жерде силкинүүнүн күчү 5 баллга чейин жетти. Бишкекте 4,5 балл, Кантта 5, Токмокто 4, Кара-Балта жана Кеминде 3-3,5 балл болгону катталды.

АКШнын Геологиялык иликтөө борборунун интернет сайты жер титирөөнүн очогу Бишкектен түндүк-чыгышты көздөй 31 чакырым, Алматы шаарынан батышты көздөй 168 чакырым алыстыктагы чек арага жакын Казакстан аймагында болгонун, силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткенин маалымдады.

Чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан жер титирөөнүн кесепети иликтенүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG