Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:41

К.Бакиевдин адвокаты судьяны алмаштырууну талап кылууда


Бишкек гарнизондук аскер сотуна караштуу жайда өтүп аткан 7-апрель окуясына байланыштуу соттук процессте айыпталуучу, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Ирина Камарда соттук кароодо төрагалык кылып аткан судья Дамир Оңолбековду алмаштырууну талап кылды. Анын айтымында, бул жерде издөөдө жүргөн айыпталуучулардын укугу бузулууда.

Адвокаттын айтымында, издөөдө жүргөн айыпталуучулар бирөө да тергелген эмес. Алардын тергөөдө айткандары тууралуу маалыматтар жок. Бирок ошентсе да алар айыпталуучу катары аталып жатат, "демек бул жерде мыйзам бузулууда". И.Камарданын айтымында, мыйзам жол бербегендиктен сот К.Бакиев баштаган айыпталуучуларды сыртынан соттобошу керек. Ушул тапта сот кеңешүү үчүн тыныгуу жарыялады.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG