Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

“Кыял” менен “Беш-Сарыдагы” күркөлөрдү алуу токтотулат


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Ош базарындагы “Кыял” менен “Беш-Сары” соода борборундагы күркөлөрдү, жеңилдетилген объекттерди алууну токтотуу тууралуу токтом кабыл алды. Ал токтомго ылайык, күркөлөрдү алуу иштери сатуучулар үчүн атайын базар курулганга чейин токтотулат. Ал эми буга чейин күркөлөрдөн бошотулган көчөлөрдө оңдоо иштери пландагыдай жүргүзүлө берет.

Ош базарынын айланасындагы соңку жагдайды талкуулаган парламенттин бүгүнкү жыйынына “Кыял” соода борборунда эмгектенген бир катар сатуучулар, Бишкек мэри Иса Өмүркулов катышты. Парламент кабыл алган чечимди билүү үчүн кеминде 150дөн ашык базардын сатуучулары Ак үйдүн алдында чогулуп турушту. (KKs)

XS
SM
MD
LG