Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

Бажы кызматынын жетекчисинин жарандыгы талкуу жаратууда


Парламент Орусиянын жараны делген Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун азыркы кызматка ылайыктуулугун кароону өкмөткө тапшырды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары кечээки отурумда колдошту. Бул демилгени көтөргөн депутат Тынчтык Шайназаровдун парламентте билдиришинче, Бажы кызматынын жетечиси Кулматовдун кош жарандыгы бар, ал Орусиянын да жараны болуп эсептелет. Кулматовдун Орусиянын жараны экендиги аныкталганын Башкы прокуратура да билдирүүдө.

Бажы кызматынын басма сөз борборунан “Азаттыкка” билдиришкендей, Кубанычбек Кулматов айтылган дооматтарды четке кагып, Орусиянын жараны эместигин белгилеп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG