Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Наристелерди чет жердиктердин асыроосуна жол ачкан мыйзамга кол коюлду


Президент Роза Отунбаева “Үй-бүлө кодексин өзгөртүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттин маалымат кызматы билдиришинче, кыргыз өкмөтү үч айдын ичинде укуктук актыларды бул мыйзамга ылайыкташтырууга милдеттендирилди.

Буга чейин бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш жактырган болчу. Кодекстеги өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары бала асыроо маселелери өкмөттүн жоопкерчилигинде болот.

2006-жылдан бери эл аралык балдарды асыроо иши менен өкмөттүн токтому менен Билим берүү жана илим министрлиги алектенип келген. Бул убакыт аралыгында кыргызстандык кароосуз калган 236 баланын 177син АКШнын, калганын Израиль, Италия, Франция, Германия, Австралия өңдүү мамлекеттердин жарандары асырап алышкан. 2009-жылы балдар чет мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүп жаткандыгы маалым болуп, бул маселе парламентте чоң талкууну жараткан. Анын негизинде эл аралык бала багып алуу чарасына убактылуу тыюу салынган. Мындан улам Кыргызстандын балдар үйлөрүндөгү 60тан ашуун бала чет өлкөлүктөрдүн, тактап айтканда америкалык үй-бүлөлөрдүн асырап алышын күтүп жаткан. Алардын 30дан ашууну дарыланууга муктаж жана экөө жакында эле оорудан каза болуп калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG