Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

“Адилет”: Прокуратура Али Осман Зорду экстрадициялай албайт


"Ал-Кайида" менен байланышы бар деп Кыргызстанда кармалып жаткан түрк жараны Али Осман Зорду Башкы прокуратура мыйзам боюнча экстрадициялай албай турганын “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчисинин орун басары Хурниса Махадинова “Азаттыкка” билдирди. Махадинованын айтымында, түрк жараны Кыргызстанга келип “Качкындар жөнүндө” мыйзамга ылайык, Эмгек, жумуш жана миграция министрлигине каттоого турган жана баш паанек сураган. Азырынча анын баш паанек алуу маселеси каралууда.

"Биз ар бир кайрылган жаранга укуктук жардам беребиз. Ал эми анын террорчу болгонун же кылмышка аралашканын териштирбейбиз. Биз укуктук мамлекет болгондуктан мыйзамдын негизинде гана иш алып барабыз. Башкы прокуратура Зорду эки учурда гана экстрадициялай алат: эгерде Кыргызстан ага баш паанек берүүдөн баш тартса жана түрк бийлигинен Зорду мекенине кайтаруу жөнүндө расмий кат келсе гана ишке ашат. Ага чейин Башкы прокуратуранын Зорду экстрадициялоо тууралуу иш аракеттери мыйзамсыз болуп эсептелет”, - деди Махадинова.

Осман Зор Great East Islamic Raiders Front деп аталган террорчул уюмда мүчө болгонун, BARAN деген оппозициялык маанайдагы журналдын редактору экенин жана ал 2-майда камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалып турганын "Дело №..." гезити жазып чыккан. УКМКнын басма сөз кызматы бул маселе боюнча комментарий даярдалып жатканын, ал жакынкы убактарда ММКга таратыларын “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG