Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Барактыктар президентке кайрылуу жолдоду


Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы Барак анклавынын тургундары президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жаңы Барак” коомдук фондунун башчысы, аталган айылдын тургуну Дөөлөтбек Мусабеков билдирди. Анын айтымында, тургундар Барак айылына өзгөчө макам ыйгаруу, чек ара өтмөктөрүндөгү шартты жеңилдетүү, мүмкүн болсо айылды толугу менен башка жерге көчүрүү, жер бөлүп берүү, үй курууга узак мөөнөттүү ссуда бөлүүнү бийликтен талап кылышууда. Аталган айылдын жашоочулары Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынан жер бөлүп берүүнү сурашууда.

Жалпысы 1000ге чукул адам отурукташкан Оштун Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавы чек ара тилкесинен 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Айыл тургундары АКШ президенти Барак Обамага да жардам сурап кайрылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG