Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Эки партия биригет


Кыргызстан элдик демократиялык партиясы “Бүтүн Кыргызстанга” биригет. Партиянын саясий кеңешинин тараткан билдирүүсүндө, алар өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий абалды талкуулагандан кийин ушундай жыйынтыкка келишкен. "Коалициялык өкмөттүн өлкөнү терең кризистен алып чыгаруучу программасы жок. Олуттуу өзгөрүүлөргө коомдогу акыйкат күчтөрдүн биригүүсү аркылуу жетүүгө болоорун эске алдык",- деп айтылат билдирүүдө. Кабарларга караганда, буга чейин биригүү маселеси боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү менен кеңешүүлөр болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG