Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сүрөт көргөзмөсү ачылды


Бүгүн Бишкекте “Укук коргоочу жана сүрөткер Азимжан Аскаровдун дүйнөсү” аталышында сүрөт көргөзмөсү ачылды. Аскаровдун жубайы аркылуу борборго 50 сүрөтү алынып келинген.

Негизинен укук коргоочу катары таанымал, азыр абакта жаткан Азимжан Аскаров 1977-жылы Ташкендеги көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Фергана өрөөнүндөгү жаратылыш жана күнүмдүк турмуш - анын чыгармачылыгында тегизги темалардан.

Көргөзмө “Демократиянын өнүктүрүү борбору”, “Жарандар коррупцияга каршы”, “Кылым шамы” өндүү укук коргоо уюмдарынын көмөгү астында уюштуруулуда.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров башында турган сегиз адамга Базар-Коргон районунун аймагында былтыр 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө катышкан, милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн жана башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. (EK)

XS
SM
MD
LG