Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Али Осман Зордун таламын талашканы Түркиядан эки жактоочу келди


Түркияда "террорчулук кылган" деген шек менен Кыргызстанда кармалган түрк жараны Али Осман Зордун таламын талашканы Түркиядан эки жактоочу келди. Бул тууралуу “Таза дин” уюмунун өкүлү Сабыр Мамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында “Жаңы доор” адвокаттык уюмунун эки мүчөсү: Губен Юлмаз жана Ахмед Арслан баш прокуратурага Али Осман Зордун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы менен кайрылышты.

УКМК террористтик уюмдун мүчөсү деп шектелип жаткан түркиялык жаран Али Осман Зорду майдын башында камакка алган.

“Аль-Каида” уюму менен байланышта деп айыпталган, өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Али Осман Зор былтыр жайында Кыргызстандан саясий башпаанек сурап кайрылган. (EK)

XS
SM
MD
LG